17:43, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстандык киши Бишкектеги батирге терезеден кирүүгө аракет кылган

На русском
15:26, 14 жалган куран 2019 352
Шектүү
Шектүү

Баракелде -  Бишкек шаарынын Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирге терезе аркылуу кирүүгө аракет жасаган казакстандык адам кармалды. Окуя тууралуу билдирүү кечээ, 13-мартта саат 21:20 чамасында 102 кызматына келип түшкөнүн ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча Биринчи май РИИБге С.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал батирине ашкананын терезеси аркылуу кирип, баалуу буюмдарын жана акчасын уурдоого аракет жасап, андан кийин качып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучунун арызы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 39-200-берене (уурдоого аракет кылуу) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип казакстандык М.Б. кармалып, андан газ баллону, кол кап, айнек кесүүчү аспап, ачкычтар жана эки уюлдук телефон табылды. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком