04:01, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өлкөнүн аймагын жашылдандыруу үчүн 2 миллиондон ашык көчөт даярдалды

На русском
16:41, 13 жалган куран 2019 773

Баракелде -  Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги шаарлардын аймагын жана өлкөдөгү калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу максатында 2 миллиондон ашык көчөт жана дарактардын 40тан ашык түрүн өстүрдү.

Агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, көчөттөр өкмөттүн 3 айлык тазалоо иштерин жарыялоо боюнча буйругун аткаруу үчүн даярдалды. Отургузула турган көчөттөрдүн арасында терек, кайың, эмен, мажүрүм тал, кара өрүк, Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай жана арча бар.

Агенттик өлкөнүн калктуу конуштарын жашылдандыруу үчүн көчөттөрдү бөлдү.

- Ош облусуна — 240 миң түп;

- Жалал-Абад облусуна — 520 миң түп;

- Баткен облусуна — 140 миң түп;

- Чүй облусуна — 190 миң түп;

- Талас облусуна — 360 миң түп;

- Ысык-Көл облусуна — 350 миң түп;

- Нарын облусуна — 280 миң түп көчөт берилет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком