00:04, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Кыргызстандын Сауд Арабиядагы этношаарчасы

На русском
11:12, 12 жалган куран 2019 291

Баракелде -  Этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясы Сауд Арабиядагы Кыргызстандын этношаарчасынын бийиктиктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

«Чөлдүн арасындагы жаңы, жаркыраган дүйнө, чыныгы баалуулуктар, маданий мурас. 90 өлкөнүн маданий калейдоскобу бир аянтта», - деп айтылат маалыматта.

Учурда Сауд Арабияда масштабдуу «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалы өтүп жатат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандан миңден ашык өнөрпоздор, чыгармачыл адамдар жана жаныбарлар жөнөтүлгөн болчу.

Анын алкагында көчмөндөрдүн дүйнөсү жана салбурун, көк бөрү, куш салуу, кыз куумай, эр эңиш, тайган салуу сыяктуу кыргыз элинин улуттук оюндары көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле социалдык тармактарда кыргызстандык алптардын сүрөттөрү кызыгуу жаратып жатканын байкоого болот.

9-мартта башталган этнофестиваль 23-мартка чейин уланат. Фестиваль өтүүчү аймак Сауд Арабиянын борбору болгон Эр-Рияд шаарынан 150 км алыста жайгашкан. Бул иш-чарага жалпы 35 миңге жакын адам катышып жатканы айтылууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком