Баракелде - КР вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров «Эркин Тоо» гезити уюштурган түз байланышта окурмандардын суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кээ бир эл аралык уюмдар саясий партиялардан кем калышпай калды.
«Мамлекеттин ишине киришишет, бийликти обу жок сындашат, анан өлкөдө болгон окуяларды көбүртүп-жабыртып чыга келишет. Алардын уставында маселен, бирөөндө коррупцияга каршы күрөшөөрү жазылып турса, экинчисинде адам укугун коргоо жөнүндө айтылат, үчүнчүсүндө түрмөдөгү зордук-зомбулукту болтурбоо ж.б. деп конкреттүү жазылган. Анан ошол өз иштерин кылбай, таптакыр тиешелүү эмес иштерге киришип кетип жатышат. Бул өтө чектен чыккандык болуп саналат. Тактап айтканда, мыйзамды одоно бузуу», - деди Бекназаров.
Ал белгилегендей, мындайлар өз жолуна коюлат, ашынгандары жабылат, жазаланат, «антпесе болбой калды».
«Биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек. Акыркы учурда Кыргызстанга сырткы, ички күчтөр тарабынан «маалымат согушу» жарыяланды. Биз ушундан сак болушубуз абзел», - деп белгиледи Бекназаров.



















Пикир калтыруу
Башка бирөөнү басмырлаган сөздөрдөн жана маданиятка туура келбеген пикирлерден алыс болгулаСайттын жамааты себебин түшүндүрбөстөн билдирүүлөрдү алып салганга укуктуу.
Сайттын жамааты билдирүүлөрдүн мазмунуна жооп бербейт. Автордун ой-пикири редакциянын ой-пикири менен төп келишпеши мүмкүн.
Каттала элек болсоңуздар - Каттоо
Пикир (0)