Эскерүү жыйнагы: Тилек Мураталиев 60 жашка толмок...

На русском
12:02, 17-ноябрь, 2020 11034

АКИpress -  16-ноябрда Тилек Мураталиев 60 жашка толмок.

Анын жаркын элесине арналып, артында калтырган изи тууралуу кыргыз, орус жана казак тилдериндеги эскерүүлөр топтолгон китептин бет ачары Султан Раев, Бексултан Жакиев, Топчубек Тургуналиев, Жедигер Саалаев, Абдылдажан Акматалиев, Кеңеш Жусупов, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Дарика Жалгасынова, Меңди Мамазаирова, Кыяз Молдокасымов жана башкалардын катышуусунда Бишкек шаарында өттү. Ошондой эле анын урматына документалдык тасма даярдалган.

Бүгүн түштөн кийин Бишкек шаарында Т.Мураталиевдин урматына бильярд боюнча мелдеш уюштурулат.

  • Эскерүү жыйнагын түзгөн Улан Мураталиев (бир тууган иниси):

Тилек Мураталиев көзү тирүү болгондо бүгүн 60 жашка толмок. Андан бери (көз жумгандан бери) 2-3 айдай убакыт өтүп кетти. Бүгүн достору, жазуучулар жазган эскерүүлөрдү китеп кылып чыгардык. Ошондой эле документалдык тасманын да бет ачары болду. Анда дагы үй-бүлөсү, балдарынын, жакын достору эскерип чыгышты.

Китептин чыгарылышына Мелис Абакиров байкебиз көмөк көрсөттү, түзгөнүн мен түздүм. Бексултан Жакиев агабыз дагы карап турушту.

Бир китеп берсең бат эле окуп чыкчу эле. Адам эки түрдүү болуп тарыхта калат: же эмгеги, же адамгерчилиги менен. Бул кишиде экөө тең бар эле — абдан жумшак, айкөл эле, колундагысын бөлүшкөн адам эле. Экинчиден, мээнети абдан чоң болчу. Адабиятты, маданиятты көтөрүүгө чоң салым кошкон.

Союз учурундагы легендарлуу «Ала-Тоо» журналы жок болуп кеткенде, ушул кишинин күчү менен, демөөрчүлүгү менен кайрадан чыгып жатты. Ошондуктан абдан эскерип, кайгырып турабыз.

Бул киши өзүн көп көрсөтө берген жок. Кылган эмгектери боюнча диссертация жазсак да жакшы болмок, илимпоздор изилдеп көрсө жакшы болмок.

«Турардын» чыгарган китептерин билесиздер. Эл аралык көргөзмө, жармаңкелерде да чоң ийгиликтерге жетишип жүрөт. Дайыма технологияны жаңыртып, тажрыйбасын байытып турар эле. Эл көрөр эле, жер көрөр эле. Ошондуктан бул адам жөнүндө китеп чыкканы абдан жакшы нерсе.

Тилек улуттук адабиятты колдогон, акыркы 30 жылдагы чыгармаларды басып чыгарган, жарыкка чыгарган жалгыз адам деп айтсак болот. Себеби «Турар» басмасы Кыргызстандагы эң мыкты басмалардын бири. Менин дагы көптөгөн чыгармаларым, романдарым ушул басмаканадан чыкты.

  • Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондусунун төрагасы Кыяз Молдокасымов:

Мамлекетчил, мекенчил, ушунчалык жүрөгү таза адам эле... Ушул Кыргызстандагы чыгара албай жүргөн окумуштуулардын, жазуучулардын, акындардын китептерин өз каражатына чыгарып койчу.

60 жылдыгында эскерип отурабыз. Тилек Мураталиев деген жигитибиз Тилек Мураталиев (аты-жөнү окшош) жөнүндө документалдуу тасма тартып, бет ачары болуп жатат.

Тилек (маркум Тилек Мураталиев) жаратылышты да өзгөчө жакшы көрчү. Кыргызстандын эле эмес, Моңголияга чейин барып, байыркы кыргыздар ушундай жерде жашаган деп, Моңголияны кыдырып чыкты. Документалдуу тасма тартыш керек экен деген...

Деңгээли өтө жогору адам эле. Эскерүүдө ошонун баары айтылды.

  • Чыгаан басма ишкер Тилек Мураталиев 2020-жылдын 20-августунда жүрөк оорусунан көз жумду. Ал 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
  • Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма иши боюнча алгылыктуу ишмердиги үчүн 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2016-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы болчу.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком