02:53, Тогуздун айынын жыйырмасы, 2020
19:22, Тогуздун айынын он тогузу, 2020379 Жумгалда 4 бейтап пневмониядан дарыланууда
Учурда окулуп жатат
18:23, Тогуздун айынын он тогузу, 2020 (3 адам окуп жатат)
Видео — Бишкектеги мушташ
20:29, Тогуздун айынын он тогузу, 2020 (2 адам окуп жатат)
Жумгалда 13 жаштагы саймачы кийим тигүүчү машина утуп алды (видео, сүрөт)

18 жаштагы студент Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн мугалимдин башын алды

На русском
12:42, Тогуздун айынын он жетиси, 2020 17115
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Франциянын Конфлан-Сент-Онорин шаарында студенттерге Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөтүп жаткан тарых жана география сабагынын мугалиминин башы кесилди. Алдын ала маалыматка караганда, мугалимди чечен улутундагы 18 жаштагы студент өлтүргөн. Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери ага ок атышкан. Франциянын президенти Эммануэль Макрон окуяны «теракт» деп баалады.

Полициянын маалыматына караганда, 5-октябрда сөз эркиндигине арналган сабак учурунда өлтүрүлгөн мугалим окуучуларга Мухаммед пайгамбардын карикатураларын көрсөтүп жаткан. Ошол сабактан кийин мугалимге окуучуларынын ата-энелеринен коркутуулар түшүп баштаган. Жергиликтүү гезиттин [Le Figaro] маалыматы боюнча, мугалим бул коркутуулар боюнча полицияга да кайрылган.

16-октябрда Париж убактысы боюнча саат 17:00 чамасында мугалимге мектептин жанында кол салуу болгон. Кол салган студент аны мууздап салган. Шектүү окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлерин коркутууга аракет кылган, бирок ага ок атылып, өлтүрүлгөн.

Студент мугалиминин өлүмүн сүрөткө тартып, Твиттерге жарыялаганга жетишкен. Сүрөт «бузукуларды» жана президент Макронду коркуткан жазуулар менен коштолгон.

Шектүү 2002-жылы Москва шаарында төрөлгөндүгү белгилүү болду.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком