Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналат: Орду толгус жоготуу, арман...

18:10, 25-сентябрь, 2020 13224

АКИpress -  2020-жылдын 20-августунда капилеттен жүрөк оорусу кармап, Кыргызстандын чыгаан басма ишкери, басмакер Тилек Мураталиев мезгилсиз дүйнө салды.

Апасы менен

Тилек Мураталиев 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1977-жылы орто мектепти бүтүрүп, 1982-жылы Бишкектеги КМУнун география факультетин ийгиликтүү аяктаган. Адегенде аталган окуу жайда окутуучу болуп иштеп, кийин полиграфия тармагында чакан ишкерлик менен алектенип келген.

Тилек Мураталиев в детстве

1996-жылы «Турар» басмасын ачып, уюштуруучулук, демилгелүүлүк иш-максаттарынын негизинде алдыңкы басмалардын катарына айланган. Басма маркум атасы Турардын ысымы менен бүгүнкү күндө атагы жумурай-журтка таанылып отурат.

«Турар» басмасынан көркөм-адабияттар, илимий-популярдуу басылмалар, балдар үчүн жомоктор, журналдар ж.б. жарык көрүп, элдин купулуна толуп, макталып да, даңкталып да келет. Бир гана Кыргызстанда эмес, Чыгыш Азия, КМШ, Түркия ж.б. өлкөлөр менен өнөктөшүп, эл аралык кызматташтыкты өрчүтүү менен китеп көргөзмөлөрүнө катышып, алдыңкы номинацияларды, сыйлыктарды алып, өз жүзүн көрсөтө алды.

Кыргызстанда чыгып-чыкпай калган «Ала-Тоо» журналын «Жаңы Ала-Тоо» деген ат менен жеке өзүнүн демөөрчүлүгү астында чыгарып, бүгүнкү күндө тарыхый атын сактаган «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы ай сайын жарык көрүп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет.

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо жана өнүктүрүү максатында Чыңгыз Айтматовдун Эл аралык «Ысык-Көл» форумунун колдоосу алдында «Турар» басмасы жана «Ала-Тоо» адабий журналы 2011-жылы мыкты прозалык, поэзиялык чыгармаларга, котормолорго республикалык «Арча» сыйлыгынын сынагын жарыялаган. Аталган «Арча» адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, кызыктыруучу сыйлыктар да көрсөтүлгөн.

Ал лауреаттардын арасында белгилүү акын жана романчы Акбар Рыскулов, тарыхчы жана жазуучу Арслан Койчиев, Абдыкерим Муратов, Бейшебай Усубалиев, Сергей Степанов, Жыргалбек Касаболотов, Керимбек Кадыракунов, Мырзаян Төлөмүшов ж.б. бар.

Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма иши боюнча алгылыктуу ишмердиги үчүн 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2016-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы эле.

Кыргыз элинин көөнөрбөс көркөм байлыгы «Манас» эпосун Саякбай Каралаевдин, Тоголок Молдонун, Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда, «Семетей» эпосун, Буудайбек Сабыр уулунун «Кыргыз эл жомокторун», Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда», Казат Акматовдун «Тринадцать шагов», Э.Турсунов, К.Сыдыкова, Ф.Абдалова, Ж.Жапиев, М.Мамазаирова, А.Саспаев, А.Көлбаев, М.Төлөмүшов ж.б. көптөгөн акын-жазуучулардын китептерин жогорку сапатта бекер чыгарып, аларга калем акы да бергени бар.

Адамгерчилиги бийик, кайрымдуулугу өтө жогору инсан болгон. Жетим балдар үйүнө 20 жылдан ашуун, Улуттук жазуучулар союзуна 10 жылдай акчалай колдоо көрсөтүп келди. Ошондой эле коронавирус менен күрөшүүдө кайрымдуулук жардамын четте калбастан өз демилгеси менен акчалай берип келген.

Жаратылыштын кырсыгы – жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор районунун элине материалдык чоң көмөк көрсөтүп, элин сабырдуулукка, токтоолукка, чыдамдуулукка чакыруу менен калайык-калкына дайыма тынчтыкты, бейкутчулукту тилеген алдыңкы уулдарынын бири болгон. Жалгыз эле бир туугандарына эмес, досторуна, жакшы санаалаштарына өтө күйүмдүү, боорукер адам эле.

2020-жылдын 20-августу – үй бүлөсү, жакындары, үзөңгүлөштөрү, замандаштары үчүн унутулгус күн. Кайыр кош, Тураркул уулу Тилек. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун. Жаркын элесиң, жаратмандык эмгектериң элдин эсинен эч качан унутулбайт! Ары-бери карап, көз ачып-жумганча кыркылыгы да болуп калыптыр...

...Эх арман, эл уулу өлбөс болсочу, шум ажал көрбөс болсочу!

«Турар» басмасынын редактору Жакин Теңирбергенова

2020-жылдын 25-сентябры

Сүрөттөр Тилек Мураталиевдин өздүк архивинен алынды

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком