19:36, Аяк оона айынын он сегизи, 2020
18:08, Аяк оона айынын он сегизи, 202075 19-сентябрга карата аба ырайы
Учурда окулуп жатат
16:48, Аяк оона айынын он сегизи, 2020 (44 адам окуп жатат)
Таксисттин унаасына түшкөн банктык карта жана андан «шыпырылган» акчалар
18:08, Аяк оона айынын он сегизи, 2020 (8 адам окуп жатат)
19-сентябрга карата аба ырайы
16:47, Аяк оона айынын он сегизи, 2020 (7 адам окуп жатат)
Бишкектин четинде бычак көтөргөн адамды тынчтандыруу үчүн бутуна атышты

Өзбекстанда ата-энесине таарынган кыз-жигиттин кандуу окуясы. Кыз көз жумду

На русском
18:54, Аяк оона айынын он алтысы, 2020 635

Баракелде -  Өзбекстандын Наманган облусунда кыз-жигит ата-энесин коркутуу максатында план түзүшкөн. Алар өз өмүрүнө кол салууну чечип, кыз көз жумду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя тууралуу маалымат 15-сентябрда саат 11:40 чамасында түшкөн. Бычактан оор жаракат алган кыз ооруканага жеткирилип, бирок аман калган жок.

5 жылдан бери кыз-жигит болуп жүргөн жаштардын (бири 21, экинчиси 20 жашта) үйлөнүү тууралуу чечимин ата-энелери колдогон эмес. Мындан улам экөө ашкана бычагын алып, талаага барышкан. Алгач кыз жигитинин курсагына бычак сайып, андан кийин жигит кыздын курсагына бычак сайган. Кыз жерге кулап түшүп, терең сайылган бычактан улам катуу жаракат алган. Жигити учурда ооруканада жатат.

Такталган маалыматтар боюнча, кыздын атасы аны 23 жаштагы башка жигитке кудалап койгон. Муну уккан жигити окуядан бир күн мурун кыздын колун сурап, ата-энесине барган. Бирок алар баш тартышкан. Учурда ишти прокуратура органы карап жатат.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком