19:42, Аяк оона айынын он сегизи, 2020
19:14, Аяк оона айынын он сегизи, 20203663 Кыргыз редакцияга кабарчыларды чакырабыз
19:13, Аяк оона айынын он сегизи, 202012 8 айда чек ара мыйзамын бузган 240 адам кармалган
18:08, Аяк оона айынын он сегизи, 202084 19-сентябрга карата аба ырайы
Учурда окулуп жатат
16:48, Аяк оона айынын он сегизи, 2020 (44 адам окуп жатат)
Таксисттин унаасына түшкөн банктык карта жана андан «шыпырылган» акчалар
18:09, Аяк оона айынын он сегизи, 2020 (5 адам окуп жатат)
Кара-Кечедеги жер көчкү: Көмүрдү кайсы жолдор аркылуу ташып жатышат?
19:18, Аяк оона айынын он сегизи, 2020 (5 адам окуп жатат)
Дагестандык пенсионер 5 сааттын ичинде 9 килограммга арыктады

Дубайда кыргызстандык жигит жетекчисин мууздап, бетин балка менен жанчып салган

На русском
14:59, Аяк оона айынын он алтысы, 2020 2659
Здание суда в Дубае
Здание суда в Дубае

Баракелде -  Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 21 жаштагы кыргызстандык жигит өзүнүн жетекчисин өлтүргөнгө айыпталууда. Бул тууралуу «Gulf News» басылмасы жазды.

Кыргызстандык жигит Аль-Квоз кварталындагы гаражда иштечү. Айыптоочу тараптын маалыматына караганда, ушул жылдын июнь айында шектүү жетекчисинен мекенине учуп кетүүгө уруксат сураган. Бирок жетекчиси учуп кете турган убакыт менен макул болгон эмес. Чыр ошол себептен чыккан.

Жетекчи кыргызстандык жигитти жумуштан бошотуп, иш ордунан кетүүнү талап кылган. Бул айыпталуучунун жинин келтирген.

Сурак учурунда шектүү жумуштагы кесиптештери кеткенче күтүп, андан кийин эшикти бекитип, бычак менен жумуш берүүчүнүн мойнун кесип салганын айткан. Жабырлануучу дагы деле дем алып жатканын көрүп, бетин балка менен жанчып салган. Медициналык экспертиза маркумдун башына 6 жолу сокку урулуп, бети 13 жерден кесилгенин аныктаган.

Канжалаган жансыз денени 20 мүнөткө дүкөнгө чыккан башка жумушчулар табышкан.

«Маркумдун сөөгү стол менен тосулуп турган. Мен канга боелгон чоң бычак таап алдым. Окуядан бир күн мурун айыпталуучу жумуштагы видеокамералар тууралуу жана алардын иштеп же иштебей турганын сураган», - деди жумушчулардын бири.

Анын айтымында, маркум менен акыркы жолу жолугушкан адам дагы кыргызстандык жаран болгон. Бирок аны дароо кармоого мүмкүн болбой, шектүү таптырбай кеткен.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал дароо өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү максатында аэропортко барган. Бирок учуп чыга турган учак жок болчу. Кийинки күнү өлкөсүнө кайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен консулдукка барган. Бирок окуя тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Кыргызстандын шектүү жараны элчиликтин өкүлчүлүгүнүн жанынан кармалып, атайлап адам өлтүргөн деген айып тагылды. Кийинки соттук отурум 4-октябрга белгиленген.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком