14:16, Баш оона айынын төртү, 2020
Учурда окулуп жатат
13:54, Баш оона айынын төртү, 2020 (20 адам окуп жатат)
Премьер менен боз эшекчен аксакалды байланыштырган бир сүрөттүн баяны
13:10, Баш оона айынын төртү, 2020 (9 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаш балдардагы белгилери
11:58, Баш оона айынын төртү, 2020 (7 адам окуп жатат)
Асел Кадырбекова ооруканадан чыкты

Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт, - өлкө башчы

22:19, Баш оона айынын бири, 2020 83

Баракелде -  Суунун тартыштыгы бардык эле региондо байкалып жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта «Биринчи радиого» берген маегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу электр кубаты жетишсиз болушу мүмкүндүгү боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.

«Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого жараша тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт», - деди ал.

Мамлекет башчысы суунун тартыштыгы бардык эле региондо байкалып жатканын баса белгиледи.

«Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок тилекке каршы, "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына дагы суу азыраак келип калды», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал былтыркыга караганда азыркы учурда 2 млрд 400 млн куб суу аз экенин айтып, ошол эле маалда суу июнь менен июль айларында кирерин билдирди.

«Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгерде кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү, кар бар, суунун келиши көбөйүп, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буйруса», - деди өлкө башчы.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком