13:35, Баш оона айынын төртү, 2020
12:20, Баш оона айынын төртү, 2020176 Видео – Ошто кафе өрттөнүп жатат
Учурда окулуп жатат
09:45, Баш оона айынын үчү, 2020 (10 адам окуп жатат)
«Биздин жашоо ушунчалык кыска...»: Адинай калтырган аудио
13:10, Баш оона айынын төртү, 2020 (8 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаш балдардагы белгилери

Түркмөнстанда поезд каттамы 15-августка чейин токтотулду

На русском
23:27, Баш оона айынын бири, 2020 144

Баракелде -  «Түркмөн темир жолдору» агенттиги өлкөдө поезд каттамдары 15-августка чейин токтотулганын маалымдады. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы билдирди.

Түркмөнстанда поезд каттамдарын токтотуу мөөнөтү экинчи жолу узартылып жатат. Алгач поезддер 16-июлдан баштап 23-июлга чейин, андан кийин 31-июлга чейин жүргүнчүлөрдү ташыбай турганы айтылган. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу үчүн кабыл алынган.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус катталганын тастыктай элек. Июль айында өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги вирус Түркмөнстанга коңшу өлкөлөрдөн кирген болушу мүмкүн экенин билдирген. Июль айынын ортосунан баштап бет кап режими киргизилип, мечиттер, ири соода борборлору, базарлар, ресторандар, кинотеатрлар жабылган. «Түркмөн авилиниясы» бардык эл аралык каттамдарды 31-августка чейин токтотту.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери Түркмөнстанга барып, өлкөдө пневмонияга чалдыккандар көп экенине тынчсызданган. Уюмдун кызматкери Кэтрин Смоллвуд өлкө жетекчилигине COVID-19 вирусу жайылып кеткен учурда аткарыла турчу иш-аракеттерди баштоону сунуштаган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком