14:04, Баш оона айынын төртү, 2020
Учурда окулуп жатат
13:54, Баш оона айынын төртү, 2020 (13 адам окуп жатат)
Премьер менен боз эшекчен аксакалды байланыштырган бир сүрөттүн баяны
13:10, Баш оона айынын төртү, 2020 (8 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаш балдардагы белгилери
13:49, Баш оона айынын төртү, 2020 (5 адам окуп жатат)
Бишкекте +35 градус: 5-августка карата аба ырайы

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

На русском
09:21, Баш оона айынын бири, 2020 242

Баракелде -  Кечээ, 31-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары Курман айт майрамына карата куттуктоо сөздөрүн айтышып, боордош эки элдин аманчылыгын жана бакубатчылыгын тилешти. Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандыктарга жана президент Сооронбай Жээнбековго коронавирус инфекциясы пандемиясынан каза болгон жарандарга байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча маселелерди талкуулашты. Режеп Тайип Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кийинки кезектеги жыйыны Түркияда боло тургандыгын эске салып, мындан улам кыргыз кесиптеши менен жакында жолугушууга үмүт артарын билдирди.

Президенттер телефон аркылуу сүйлөшүү маалында ошондой эле коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашты.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком