03:29, 17-апрель, 2024

Коронавируска кантип туруштук берсе болот? Америкадагы кыргыз дарыгерден пайдалуу кеңеш (маек)

На русском
20:38, 7-июль, 2020 36448

АКИpress -  Америкадагы дарыгерлер — Идрис Курманалиев жана Тамара Курманалиева кыргызстандыктарга кайрылуу жолдошту.

Урматтуу мекендештер, бүткүл дүйнө жүзү оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Бул ар бирибиз үчүн сыноо. Бизге баарын түшүнүп, ички сезимдерибизди кайра карап, жек көрүү, көрө албастык, кыжырдануу сыяктуу сезимдерден арылууга, баарын, эң негизгиси өзүбүздү кечирүүгө, айлананы карап, баалуулуктарды баалоого жана жашоодогу максатыбызды түшүнүүгө убакыт берилди. Бийликтегилерди кошпогондо ар бир кыргыз муну аткарып жатат деп ишенебиз. Алар жашоодон сабак албай жатат деп ойлойбуз. Аллах аларды кечирип, акылмандык берсин.

Биз Кыргызстанда эмне болуп жатканын билебиз, абдан тынчсызданып жатабыз. Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID күчөдү. Оорукананын алдында дүрбөлөң. Ооруга чалдыккан дарыгерлер жана медайымдар, медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги, коркуп, эмне кыларын билбей калган бейтаптар жана башкалар. Мунун баарын көргөндөн кийин мекендештерибизге кайрылып, элге жана медиктерге жардам берүүнү чечтик. Биз коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоодогу тажрыйбабыз жана бул хаоско кантип туруштук берүү керектиги боюнча ойлорубуз менен бөлүшкүбүз келет.


Редакция аталган дарыгерлер менен телефон аркылуу байланышып, бир нече суроо узатты. Алардын коронавирусту дарылоо боюнча сунуштарын маектин аягында окуй аласыздар.

- Бизге оорунун жеңил түрүнө чалдыккан учурда үйдө болуу керектигин айтып жатышат. Ал эми оорунун оор түрүнө чалдыккан адамдар каза болгондо эмне үчүн ооруканага кеч кайрылганын сурашат. Чындык кайда?

- Экөө тең чындык. Кыргызстанда дарыгерлер жана медицина кызматкерлери жетишпей жатат. Ооругандар кеңеш ала албай, эмне кыларын билбей, вирус менен жекеме-жеке калып жатышат. Бул жерде дүрбөлөң болуп, өзүн-өзү дарылап, абалы начарлап кетүүдө. Бул көйгөйдү сөзсүз чечүү керек.

Тез арада үйлөргө консультациялык жардам уюштуруу зарыл. Кимдир-бирөө медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн дараметин колдонууну сунуштады. Абдан жакшы идея. Аларды ыкчам телефон линияларына коюп, оорунун бардык формасы боюнча сунуштарды берүү керек. Алар телефон аркылуу бейтаптын абалын баалап, кеңеш бериши абзел. Эгер бейтаптын абалы оор болсо, анда алар көзөмөл жүргүзүп турушат. Эгерде адам өзүн абдан начар сезип жатса, антибиотик сунуштап же мобилдик бригада чакырууга болот. Бейтаптар аларга адистер кам көрүп жатканын сезиши керек. Бейтап ооруканага жатканга чейин анын абалын аныктаган бригада абзел. Алар бейтаптын өпкөсүн текшерип, андан кийин ооруканага баруу боюнча кеңеш берет. Мындай бригаданы да бүтүрүүчүлөрдөн түзсө болот. Мен сентябрга чейин өргүүгө чыккан депутаттардын унааларын колдонууну сунуштайм. Ал эми эмгек акыларын саламаттыкты сактоо тармагына жумшоо керек. Азыр эмгек өргүүгө кете турган учурбу?

- Сизде коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо боюнча тажрыйба барбы?

- Ооба, албетте. Мен үй-бүлөлүк дарыгермин. Америкада жашап, иштейм. Учурда клиникада телемедицина режиминде дарылап жатабыз, тактап айтканда бейтаптар менен видео аркылуу байланышабыз. Айрым учурларда аудио байланыш аркылуу сүйлөшөбүз, бирок мындай учур сейрек кездешет. Бейтапты көрүү, анын абалын баалоо, кандай дем алып жатканын көрүү маанилүү. Суроо берип, анын негизинде кеңеш беребиз. Биздин негизги максат — бейтаптарды ооруканага түшүрбөө жана аларды үйүндө айыктыруу.

Ковид вирусу — бул кадимкидей эле вирус, тактап айтканда аны менен организм өзү күрөшөт. Бирок организмге жардам берип, иммунитетти күчтөндүрүү керек.

Бул оорунун өзгөчөлүгү — көпкө созулуп, симптомдор жакшырып, адам тынчсызданбай, дарыланууну токтотуп коет. Ал эми оору кайра кайтып, айрым учурларда көп күч менен келет. Бир бейтап толугу менен айыкканга чейин 3 ай бою карадым. Коронавируска чалдыккандар көпкө дарыланат. Муну билүү абдан маанилүү. Сабырдуу болуп, организмге жардам берүү зарыл.

- Оорунун жеңил же оор түрүнө чалдыккан бейтаптарыңыз болдубу?

- Бизде абдан оор абалдагы да, жеңил түрүнө чалдыккандар да болду. Карантин башталганда биздин клиникага тиешелүү болгон бейтаптардын баарына симптом байкалары менен бизге кайрылуу керек экенин айтканбыз. Башынан бери эле эмне кылуу керектигин айтып жатабыз.

Мындан тышкары эпидемия учурунда кайсы дарыны ичип, ооруну кантип алдын алуу керектиги, иммунитетти көтөрүү боюнча кеңеш берип жаттык. Бейтаптар алгачкы симптомдор пайда болгондо эле билдирип, аларды айыктырууга аракет жасап жаттык. Бир нече оор учур болду, бирок алар ооруканага түшкөн жок. Биздин клиникада коронавирустан көз жумгандар болгон жок. Клиникага болжол менен 30 миңге жакын адам тиешелүү. Бизде ушундай тажрыйба.

Коркпош керек. Коркуу жана дүрбөлөңдөн маселе жаралды. Дүрбөлөң түшүү жана коркуу бизге каршы иштеп, организмдин коргоо функциясын төмөндөтөт. Коркуу учурунда организм стресске кабылып, баланс бузулуп, коргоо механизмдери иштебей калат. Иммундук системанын реакциясы төмөндөп, сезгенүү процесси күчөйт. Организм калдыктарды жөтөл аркылуу чыгарып, какырыктан арылууга аракет жасайт. Ал эми коркунуч какырыкты өпкөгө түшүргөн үстүртөн дем алууга өбөлгө түзүп, сезгенүү үчүн бардык шарттарды түзөт. Ошондуктан тынчтануу керек. Терең дем алуу абдан маанилүү. Ойлорубуз, акылыбыз менен организмге сезгенүүгө, вируска каршы турууга, аны организмден чыгарууга жардам беришибиз керек.

Вирус какырык, андан кийин заара, заң аркылуу чыгат. Мунун баарын активдештирүү керек. Кээ бирде адамдар төшөктө жатып коркушат. Албетте, бул ооруну күчөтөт. Мисалы, сууну көп ичсе дене табы бат түшөт. Сууну көп ичүү абдан маанилүү. Организм суусуз калса какырык кургак болот. Ошондой эле какырыкты суюлткан дары ичүү керек. Биздин өзүбүздүн иммунитет гана вирустун жана оорунун бардык түрүнөн дарылайт.

- Коронавирустан дарылоо учурунда антибиотик колдондуңуздарбы?

- Ооба, биз «Azithomecin», «Hydroychloroquine», «Augmentin», «Cefalexin» антибиотиктерин колдондук. Аталган дарылардын айрымдары буга чейин безгек жана ревматологиялык ооруларга каршы колдонулчу. Бирок антибиотиктер анча жардам бербейт. Айрым бейтаптарга С витаминин сайдык.

- Тактап айтканда антибиотиктер жардам бербейби?

- Жардам бербеши да мүмкүн. Вирус антибиотиктер менен дарыланбайт. Оору башталгандан антибиотик такыр эле керек эмес. Жөн гана организмге жардам берүү керек. Бирок адамдарда өнөкөт оорулар, уктап жаткан инфекциялар бар. Эгер алар активдешсе анда антибиотик керек. Пневмония вирустук жана бактериялык болушу мүмкүн. Вирустук пневмонияда антибиотик анча жардам бербейт. Ал эми бактериалдык сезгенүүдө сөзсүз антибиотик керек. Биз да дене табы нормадан жогору болгондо антибиотик бердик. Анткени бейтап дүрбөлөңгө түшөт, аны кыска мөөнөттүү курс менен тынчсыздандырып, муну менен катар эле организм вирус менен күрөшүп жатканын билдик. Дагы бир жолу кайталайм, антибиотик бактериалдык пневмонияда жана өнөкөт ооруларда жардам берет.

- Дем алуу көнүгүүлөрү жардам береби?

- Албетте, дем алуу системасын машыктыруу керек. Бутейко аттуу дарыгер астмага чалдыккандарга ушинтип жардам берчү. Бул көнүгүүлөрдү жасоо зарыл. Жөтөл пайда болсо коркпой, какырыкты чыгаруу керек. Организмге тоскоолдук жараткан нерсенин баарын чыгаруу зарыл. Дене табынын жогорулашы, жөтөл, какырык, керек болсо кусуу, ич өтүү — мунун баары коргоо механизми.

Дем алуу көнүгүүлөрүн ооруп жаткан учурда да жасоо керек. Эгер оор болуп жатса анда эң жөнөкөйлөрүн: колду көтөрүп дем алып, колду түшүрүп дем чыгарып. Мунун баарын отуруп алып жасаса болот. Кээ бир учурда адамдар кыймылдабайт, эгер ал улгайган болсо дароо алсыз болуп калат. Аларды отургузуп, тургузуу керек. Ошондой эле аркага укалоо жасоо зарыл.

- Дарылоо учурунда канды суюлтууга дарылар керек деп айтылууда. Мисалы, «Гепарин» сыяктуу. Алар ички органдардын тромбозун алдын алат. Бул жөнүндө эмне айта аласыз?

- Ооба ошондой. Бирок эреже боюнча оор абалда эмес бейтаптарга аз өлчөмдө — 81 миллиграмм аспирин берүү жетиштүү.

- Акыркы күндөрү биздин өлкөдө эркек кишилердин өлүмү көп катталды. Алар болжол менен кырк жашка чейинкилер. Сиздин оюуңуз боюнча эмне үчүн оорунун оор түрү жаштар арасында болуп жатат?

- Алардын диагнозун, кандай дарылоо жүргүзүлгөнүн билбейм. Ошол себептен эч нерсе айта албайм. Бирок адамдын өпкөсү өнөкөт оорулар менен жабыркаганда оору оор түрдө өтөт.

Тамеки чеккендердин оорусу катуу болот. Бул баарына белгилүү факт. Өнөкөт оорулары бар кезде организм көтөрө албайт. COVID-19 вирусунун оор формада ооруган адамдарды дарылаган кесиптештеримдин айтымында, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырганда бейтаптын абалы ого бетер начарлап, көп учурда өлүмгө алып келип жатат. Демек, негизиги максат — жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырууга жеткирбөө. Кычкылтек берүү керек. Кычкылтек аппараттары керек. Ошондой эле кан-тамырга вируска каршы дарылар жана антибиотиктер сайылат. Менин оюмча, кыргызстандык дарыгерлер муну жакшы билишет.

- Ар бир адам бул илдет менен оорушу керек деген пикирлер айтылууда. Сиздин оюуңуз?

- Жок, баары эле ооруп калышы керек эмес. Адамдар кээде ооруп, айыкканын билишпейт. Кээ бири катуу ооруп жатат. Мунун баары иммундук системанын абалына байланыштуу. Бирок ооруп калган учурда көпчүлүк адамдар айыгып жатканын түшүнүү керек. Бул дагы белгилүү факт. Эң негизгиси — тынчсызданбай, организмге жардам берүү талап кылынат.

COVID-19 вирусун дарылоо боюнча сунуштар:

1. Биринчи жана эң маанилүү нерсе — бул организмге жардам берүү жана иммундук системаны колдоо.

С витаминин саатына 2000 миллиграммдан ичүү. Ич өтүү болушу мүмкүн. Коркпогула, жөн эле дозасын азайтыңыз. Тамактангандан кийин ичүү сунушталат. Кризис өтүп кеткенден кийин симптомдор жакшырып, адам тынчсызданбай калат дагы денеге жардам берүүнү токтотуп коет. Бирок кайрадан бардык белгилери кайтып келет. Бул коронавирустун негизги айырмасы, бирок оорудан айыкса болот.

D3 витаминин күнүнө 50,000 IU х 5-7 күн ичүү. Андан кийин күнүнө 5000-10,000 IU дозасында кармануу, жакшы уктайсыз (ооруканага шашпаңыз, үйдө бардык шарттарды түзүңүз).

Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Жаңылыктарды көрбөңүз, окубаңыз. Өзүңүзгө, үй-бүлөңүзгө көңүл буруңуз. Үмүт кылуу, тиленүү керек (Дүйнөдө ушундай өзгөрүүлөргө эмне алып келиши мүмкүн. Балким, бул бизге эмне үчүн жашап жатканыбызды, жашообуздагы эң негизги нерсе эмне экендигин түшүнүү үчүн берилгендир?)

Тынч дем алуу. Стресс иммундук системанын активдүүлүгүн төмөндөтөт жана организмге баш аламандык алып келет.

2. Организмге какырыкты жумшартууга жана тамактын ачылышын жеңилдетүүгө жардам берүү керек.

Мурда арзан «жөтөл таблеткасы» болгон. Ошондой эле «Бромгексинди» күнүнө 1-2 таблеткадан 4-5 маал ичүү сунушталат.

Суюктук көп ичүү: имбир чайы, малина, чычырканак, бал жана лимон менен суу, кайнатылган суу. Бул саат сайын дааратканага баруу үчүн керек.

Бал жана май менен ысык сүттү (тоң май, чочконун эти, каз же башка жаныбардын ич майы жакшы. Бул өтө пайдалуу жана чайга кошсо болот) күнүнө бир стакандан бир-эки жолу ичүү.

⁃ Ингаляция:

  • сода: чоң кружкага же кичинекей чайнекке даярдоо керек. 1 аш кашык сода + 1 тамчы йод + кайнак суу куюңуз. Андан соң мойнуңузду кичинекей сүлгү менен жаап, мурун эмес оозуңуз менен дем алыңыз. Бул ыкманы күнүнө 2-3 маал 15 мүнөттөн жасаңыз.

  • суутек кычкылы (перекись водорода): 1-2 аш кашык суутектин кычкылы 3% + йод тамчысы + кайнак суу. Күнүнө 3-4 маал 15 мүнөттөн чүмкөнүп дем алуу (эки ингаляцияны тең алмак-салмак жасаганга болот). Мурун же тамакты чайкаса дагы болот.

  • ингаляция жасагандан кийин мурунду, моюнду тоң май менен майлоо керек.

Майды көкүрөккө жана аркага жакшылап сүйкөңүз. Териңиз кургап калбашы үчүн ич кийимди алмаштырыңыз же сүлгүнү ич кийимиңиздин астына коюуңуз. Ошондой эле тоң май менен спиртти 1:1 аралаштырып, сүртүү дагы жакшы жардам берет.

⁃ Таманга жана аркага горчичник коюу.

Дем алуу көнүгүүлөрдү жасоо, басуу – бул жөтөлүүнү жана какырыкты кетирүүнү шарттайт. Укалоо жасоо. Өпкөгө какырык топтобоо – бул пневмониянын алдын алуу.

COVID-19 вирусун алдын алуу:

  • Таза аба.

  • Жакшы уйку.

  • Ден соолукка пайдалуу тамактарды пайдалануу керек, бирок ашыкча тамактанбаңыз. Жылуу суу көп ичүү.

  • Дааратканага «чоңго» күнүнө эки жолудан кем эмес баруу.

  • Бөлмөлөрдү желдетип тууруу, арчалоо. Айрыкча бейтап үйдө болсо.

  • Колду самындап бат-баттан жууп туруу.

  • Бет кап тагынуу (унаада, паркта, көчөдө жана жакын жерде бейтаптар жок болсо тагынбаса болот).

  • Күнүнө эки жолудан кем эмес пиязды/сарымсакты жеп же дем алыңыз. Эгерде ооруп жаткан бейтап менен байланышкан болсоңуз көбүрөөк жеш керек.

  • Үйдөн чыкканга чейин имбир чайнап, андан чай жасап, бал жана лимон менен ичсеңиз болот. Ооруп жаткан бейтап менен байланышкандан кийин же вирустун алгачкы белгилери пайда болсо бул ыкманы жасоо сунушталат.

  • Мончо, саунага жумасына бир жолу баруу (тер менен токсиндерди чыгарууга).

  • Күнүнө эки жолу жакшы поливитаминдерди, аскорутинди же С витамининин башка түрүн 2-3 граммга чейин, D3 витаминин 5000-10000 IU ичүү сунушталат.

  • Позитивдүү болуу, тиленүү керек. Бири-бириңизге жардам бериңиз, андан ырахат алыңыз.

  • Көп адамдар чогулган жерге барбаңыз.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком