15:08, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202041 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (90 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Аламүдүндөгү дүкөндөн азык-түлүк уурдап, бычак менен кол салган шектүүлөр кармалды

На русском
12:36, Бирдин айынын он беши, 2020 744

Баракелде -  Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери уурулук жана каракчылык фактысына байланыштуу бир нече кылмыштардын бетин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Январь айынын аягында Аламүдүн районундагы Арчалы айылында жайгашкан дүкөндөн белгисиз жарандар азык-түлүк менен акча уурдап кетишкен. Дүкөндүн ээси жалпы 60 миң сомго чыгым болгон. Ал милицияга арыз менен кайрылып, бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмышка шектүү катары 15-16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Алар ошондой эле Аламүдүн районунда жасалган 5 уурулук фактысына шектелип жатышат.

Ошондой эле Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери буга чейин бир нече жолу соттолгон 25 жаштагы Э.С. аттуу жигитти кармашты. Ал Биримдик-Кут айылындагы үйдөн ресивер уурдоого шектелип жатат. Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мындан тышкары 12-февралда милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Лебединовка айылындагы көчөдө күйөөсүнө кол салуу болгонун айткан. Белгисиз жарандар күйөөсүн бычак менен коркутуп, 9000 сом акчасын, телефонун тартып алышкан.

Аталган факт Жазык кодексинин 201-беренеси (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аламүдүн РИИБдин ыкчам тобу кылмышка шектүү катары 40 жаштагы А.Р. аттуу жаранды кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком