15:14, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202046 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (79 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Балбан кыздар машыктыруучусуна белек тартуулашты (видео, сүрөт)

На русском
12:09, Бирдин айынын он беши, 2020 (Жаңыланды: 17:37, Бирдин айынын он беши, 2020) 13968
Айсулуу Тыныбекова и Нурбек Изабеков
Айсулуу Тыныбекова и Нурбек Изабеков

Баракелде -  Кыргызстандык балбан кыздар машыктыруучусуна өзгөчө белек тартуулашты. Мындай демилге кыз-келиндердин эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековдун туулган күнүнө карата ишке ашырылган. Нурбек Изабеков бүгүн, 15-февралда 50 жашка толду.

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев: «Балбан кыздар устатынын мааракесин куттуктап, шакирттеринин бардыгы спортто ийгиликтүү болсун деген тилек менен мамлекеттик стипендиядан чогулткан акчасына алтын жалатылган, баасы 1000 долларлык "Apple watch" үлгүсүндөгү саатты белек кылып, таттуу торт тартуулашты», - деп билдирди.

Нурбек Изабеков 1970-жылы 15-февралда Талас районунун Жерге-Тал айылында төрөлгөн. 8 жашынан спорт менен машыгып, 1988-жылы Бүткүл союздук уландар оюнунда коло байгелүү болгон. Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси, СССР спортунун эл аралык чебери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданы 2010-жылдан бери жетектейт.

Учурда Н.Изабеков дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жана улуттук курама команданын мүчөлөрү менен бирге Ысык-Көлдө машыгуу иштерин улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком