16:12, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202047 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (75 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (27 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылганына 31 жыл: Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу

На русском
11:35, Бирдин айынын он беши, 2020 137

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул кайрылуунун текстин өлкө башчынын басма сөз кызматы таратты.

«Урматтуу Афган согушунун ардагерлери!

Бүгүн совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылып, өз мекенине кайтканына 31 жыл толду. Афган согушуна жети миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын ичинен 233 адам курман болгон, 1500 адам жаракат алган. Биздин жоокерлер катаал шарттарда өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышкан. Жогорку кесипкөйлүктү, баатырдыкты жана кайраттуулукту көрсөтүшкөн.

Урматтуу Афган согушунун ардагерлери, өлкөбүздүн турмушуна активдүү катышып жатасыздар. Сиздер күжүрмөн боордоштуктун салтын сактап калдыңыздар. Азыркы күндө коопсуздук күчтөрдүн авангардынын бир бөлүгү катары, турмуш кыйынчылыктарын жеңип, жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып келесиздер.

Сиздердин атуулдук позицияңыздар, жигердүү ишмердигиңиздер өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн керек. Жаштарга аскердик-патриоттук тарбия берүүгө, аскердик салттарды жеткирүүгө жана республикабыздын коопсуздугун бекемдөөгө мындан ары да жигердүү катыша бересиздер деп ишенем. Сиздерге ден соолук, бактылуу жашоо жана ийгиликтерди каалайм», - деп айтылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком