16:14, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202048 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (75 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Москвада өлкө башчылардын катышуусунда Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы болот

На русском
22:43, Бирдин айынын он төртү, 2020 238

Баракелде -  2020-жылы Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында 200дөн ашык иш-чара пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кайчылаш жылдын салтанаттуу ачылыш аземи 27-февралда Москва шаарында болот. Ага эки өлкөнүн президенттери — Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат.

Кайчылаш жылдын алкагында саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөлөрү, жаштар саясаты, туризм, саламаттыкты сактоо, аймактар аралык кызматташтык тармактары боюнча 200дөн ашык иш-чараны өткөрүү пландалган.

2020-жылы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылы деп жарыялоо жөнүндө чечим 2019-жылдын 28-мартында Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган. Кыргызстан менен Россиянын мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк алакасын, ошондой эле өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү бекемдөө максатында кайчылаш жылга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком