15:32, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202050 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Люксембургда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды (сүрөт)

17:21, Бирдин айынын он төртү, 2020 124

Баракелде -  Кечээ, 13-февралда Кыргыз Республикасынын Люксембург шаарындагы ардактуу консулдугунун ачылышы болду. Ачылыш аземге тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Муктар Жумалиев жана аталган шаарда жашаган мекендештер катышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Люксембургдагы ардактуу консулу болуп Франк Вагнер дайындалды. Ал ардактуу консул катары Люксембургда жашаган кыргызстандык жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

«Министр Ч.Айдарбеков ардактуу консулду куттуктап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы кызматташтыкты мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди. Люксембургдун билим берүү, маданият, финансы, экологиялык курулуш чөйрөлөрүндөгү алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттар Кыргыз Республикасы менен кызматташуу үчүн келишимдерди илгерилетүүдө ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттар катары белгиленди», - деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү министр Люксембургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком