16:47, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020487 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (54 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Мэрия Бишкектеги аялдамаларды эки бөлүккө бөлөт

На русском
16:40, Бирдин айынын он төртү, 2020 87

Баракелде -  2020-жылдын март айында мэрия Бишкектеги аялдамаларды оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда вице-мэр Мирлан Амантуров 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мэриянын коллегиясында билдирди.

Анын айтымына караганда, аялдамалар эки бөлүккө бөлүнөт. Автобустарга арналган аймак жашыл түс менен, ал эми кичи автобустар үчүн сары түс менен белгиленет. «Аялдаманын 80 пайызы автобустарга бөлүнөт», - деди ал.

Анын айтымына караганда, бул коомдук транспорттогу баш аламандыкты тартипке келтирүүгө жардам берет. Ошондой эле вице-мэр кесилиштерге жакын жайгашкан аялдамалар боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком