16:40, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020416 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (65 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Жаан, кар жаайт: 19-февралга чейинки аба ырайынын болжолу

На русском
19:32, Бирдин айынын он төртү, 2020 1762
Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Баракелде -  Кыргызгидромет 19-февралга чейинки болжолдуу аба ырайын билдирди.

16-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар, жаан жаайт. Ал эми Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман капташы мүмкүн.

17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз жана 18-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

18-февралда күндүз 19-февралда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк облустарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймагында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан жаайт.

19-февралда күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоого жакын аймактарында кар жаайт. Ал эми Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетсе, Ысык-Көлдүн айрым райондорунда секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком