16:20, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202051 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (77 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды

Видео маалымат: Кытайдан келген студенттердин абалы. 70 жаштан өткөндө көчөдө калган эне

18:29, Бирдин айынын он төртү, 2020 1841

Баракелде -  Кыргыз тилиндеги бардык маалыматтар akipress.org/kg сайтында.

*****

13-февралда Пекин—Алматы каттамы аркылуу Кыргызстанга келген 40 студент азырынча дарыгерлер менен гана байланышта болушат. Алардын абалы жакшы, тиешелүү текшерүү иштери улантылат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында абал туруктуу экенин, коронавирусту алдын алуучу бардык чаралар улантылып жатканын билдирди.

barakelde.org/news:388668

*****
Япониянын Токио шаарында боло турган Олимпиада оюндарынын күрөш боюнча лицензиялык турнири Кыргызстанда өтүшү мүмкүн.

Азиянын аймагындагы тандоо турнирин 27-29-март күндөрү Кытайда өткөрүү пландалган. Бирок коронавируска байланыштуу башка жерде өткөрүү чечими кабыл алынды.

Турнирди коңшу өлкөлөрдө өткөрүү максатында Корея, Өзбекстан жана Казакстанга сунушталып, бирок алар макул болушкан эмес. Бул сунуш учурда Кыргызстандын кароосунда.

barakelde.org/news:388662

*****
Жалал-Абад шаарынын 71 жаштагы тургуну Бурул Бекташева балдары өз үйүнө батырбай койгонун айтып, сотко кайрылган. Анын талабы канааттандырылып, үйү өзүнө кайтарылды.

Келини менен уулдарынын кордугуна кабылганын айткан эне жеке менчик ооруканада 1 жылдан ашуун баш калкалаган. Ал балдарынын ур-токмогуна кабылганы боюнча да милицияга арыз менен кайрылып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Ал эми уулдары апага бир нече жолу барышканын, ал үйгө кайтуудан баш тартып койгонун айтууда.

turmush.kg/news:388667

*****
Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө жол кырсыктан жабыркаган өспүрүм кыздын абалы жакшы. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, 22 жаштагы айдоочу, 29 жана 16 жаштагы жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди.

Окуя бүгүн, 14-февралга караган түнү саат 22:00 чамасында болду. «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа көп кабаттуу үйдү сүзүп токтогон.

barakelde.org/news:388671

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком