15:12, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202044 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (77 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Коронавирус: Акыркы 10 күндөгү абал

18:17, Бирдин айынын он төртү, 2020 236

Баракелде -  Коронавирус дартын жуктурган адамдардын саны 60 миңден ашып, 1,3 миң адам көз жумду. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 14-февралга карата өлкө аймагында абал тынч жана жаңы дарттын белгилери эч кимде жок экенин билдирди.

Россиянын «Коммерсант» басылмасы коронавирустун жайылышы жана акыркы маалыматтар боюнча хоронология даярдаган.

Жалпы статистика

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус 60363 адамда катталды. Көз жумгандардын саны — 1370 адам, айыккандар — 6243 адам. Бул дарт дүйнөдөгү 26 мамлекетте, анын ичинде Россияда 2 учур катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Кытайда — 59889 адам.

13-февралда Лондондо биринчи коронавирус катталды.

12-февралда Барселонадагы Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгресс жылдырылды. Эпидемияга байланыштуу Deutsche Telekom, Vodafone, BT жана Nokia сыяктуу бир катар чоң компаниялар катышуудан баш тартышкан болчу.

12-февралда Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму 2020-жылга карата нефтиге болгон суроо-талаптын азайышына карата божомолун азайтты.

12-февралга карата алмаз базарындагы соода дагы коронавируска байланыштуу төмөндөгөн.

12-февралда Забайкал крайындагы ооруканадан коронавирус менен ооруган Кытайдын жараны чыгарылды. Ал Россияда жүргөндө коронавирус табылган Кытайдын экинчи жараны. Андан бир күн мурун Тюмень аймагындагы ооруканадан кытайлык студент кыз чыгарылган болчу.

11-февралда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдан чыккан коронавируска COVID-19 деген аталыш берди («corona virus disease 2019»). Ал эми бул дарттын дарысы 1,5 жылдан кийин даярдала турганы мүмкүн экени да айтылды.

11-февралга карата Кытай менен байланыштырган авиакаттамдардын үчтөн эки бөлүгү токтотулду.

Коронавирус жуккан адамдардын саны өскөнүнө байланыштуу 10-февралда Улуу Британияда мажбур түрдө карантин киргизилди.

9-февралда эл аралык 70тен ашык компаниялар Сингапурдагы эң чоң азиялык авиашоу деп эсептелген иш-чарага катышуудан баш тартты.

8-февралда Россиянын Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги Кытайга Ил-76 учагы менен дары-дармектерди жана жеке коргоочу каражаттарды жөнөттү.

7-февралда Hyundai Motors компаниясы Түштүк Кореянын Ульсан шаарындагы өндүрүш комплексинин ишин токтотту. Буга коронавирус дартына байланыштуу Кытайдан ташылып турган керектүү каражаттардын жетишсиздиги себеп болгон.

7-февралда Екатеринбург шаарына «Урал авиалиниялары» компаниясынын акыркы учагы Пекин шаарынан учуп барган.

6-февралда Tesla компаниясынын акциялары 17 пайызга төмөндөдү. Буга Кытайдагы Model 3 өндүрүшүнүн токтогону себеп.

5-февралда Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус менен күрөшүүдө Кытайга көмөк көрсөтүүгө сөз берип, инфекциядан кийин бааларды жогорулатып жиберген дарыканалардын лицензияларын кайтарып алууну тапшырды.

5-февралда Кытайдагы россиялык жарандарды эвакуациялоо иштери аяктады. 2 учак менен 144 адам жеткирилген. Анын ичинен 16 адам КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Алар Тюмень облусундагы ооруканада 2 жумалык карантинде болушат.
5-февралда Япониядагы круиздеги 10 адамдан коронавирус табылган. Алар ооруканага жеткирилди.

4-февралда Россия коронавирустун жайылышын алдын алууга 1,2 млрд рубль каражат бөлгөн.

4-февралда Гонконг шаарында коронавирус дартынан адам көз жумган биринчи учур катталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком