15:32, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202050 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Балдар зомбулугун алдын алуу үчүн үйлөр текшерилип баштады

21:22, Бирдин айынын он төртү, 2020 (Жаңыланды: 19:24, Бирдин айынын он алтысы, 2020) 178
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо максатында райондук штабдын мүчөлөрү үйлөрдү кыдырууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, бул иштер балдарга карата зордук-зомбулуктар көп катталып жатканына байланыштуу өкмөттүн тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат. Райондук штабдардын мүчөлөрү мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында үйлөрдү кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө.

Район акимдери штабдын ишин жана балдарга жасалган катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча шашылыш чаралардын 2019-2020-жылдарга карата планын жүзөгө ашырууда жеке жоопкерчиликти алат. Ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген.

Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Базадагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү тармактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринде бар. Ар бир мамлекеттик орган бала кандай жардамга муктаж экенин дароо аныктайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком