15:09, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (81 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (24 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Коронавирус адамдардын үчтөн эки бөлүгүнө жугушу мүмкүн

На русском
11:59, Бирдин айынын он төртү, 2020 258

Баракелде -  Коронавирустун жаңы түрүн (2019-nCoV) дүйнөдөгү адамдардын үчтөн эки бөлүгү жуктуруп алышы мүмкүн. Мындай пикирин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңешчиси, биостатист жана эпидемиолог Ира Лонджини билдирди.

«Bloomberg» басылмасы билдиргендей, адистер Кытайда оорунун таралуу динамикасына байкоо жүргүзүшкөн.

Ира Лонджини Кытайдын бийлиги карантин киргизгенче чейин вирус чет өлкөлөргө жайылган деген жыйынтыкка келген. «Карантин оорунун таралашын жайлатышы мүмкүн. Бирок бийлик күчүнө киргенге чейин вирустун Кытайда жана чет жактарда жайылышына мүмкүнчүлүк болду», - деди Лонгини.

Автордун айтымына караганда, экспресс-тесттердин жоктугу коронавирустун таралышына байкоо жүргүзүүнү кыйындатат. «Ошондуктан изоляция менен карантин абалдан чыгуу мүмкүн эмес», - деди ал.

13-февралда бир суткада «COVID-2019» вирусунун 14 миң 840 жаңы учуру катталганы маалымдалган. Учурда ооруканада 33 миң бейтап бар болсо, 3441 адам ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 1310 адамга жетти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком