15:49, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202035 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (82 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (28 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Коронавирус башталгандан берки хронология

На русском
11:53, Бирдин айынын он төртү, 2020 225

Баракелде -  Коронавирус дартын жуктурган адамдардын саны 60 миңден ашып, 1,3 миң адам көз жумду. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 14-февралга карата өлкө аймагында абал тынч жана жаңы дарттын белгилери эч кимде жок экенин билдирди.

Россиянын «Коммерсант» басылмасы коронавирустун жайылышы жана акыркы маалыматтар боюнча хоронология даярдаган.

Жалпы статистика

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус 60363 адамда катталды. Көз жумгандардын саны — 1370 адам, айыккандар — 6243 адам.

Бул дарт дүйнөдөгү 26 мамлекетте, анын ичинде Россияда 2 учур катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Кытайда — 59889 адам.

13-февралда Лондондо биринчи коронавирус катталды.

12-февралда Барселонадагы Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгресс жылдырылды. Эпидемияга байланыштуу Deutsche Telekom, Vodafone, BT жана Nokia сыяктуу бир катар чоң компаниялар катышуудан баш тартышкан болчу.

12-февралда Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму 2020-жылга карата нефтиге болгон суроо-талаптын азайышына карата божомолун азайтты.

12-февралга карата алмаз базарындагы соода дагы коронавируска байланыштуу төмөндөгөн.

12-февралда Забайкал крайындагы ооруканадан коронавирус менен ооруган Кытайдын жараны чыгарылды. Ал Россияда жүргөндө коронавирус табылган Кытайдын экинчи жараны. Андан бир күн мурун Тюмень аймагындагы ооруканадан кытайлык студент кыз чыгарылган болчу.

11-февралда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдан чыккан коронавируска COVID-19 деген аталыш берди («corona virus disease 2019»). Ал эми бул дарттын дарысы 1,5 жылдан кийин даярдала турганы мүмкүн экени да айтылды.

11-февралга карата Кытай менен байланыштырган авиакаттамдардын үчтөн эки бөлүгү токтотулду.

Коронавирус жуккан адамдардын саны өскөнүнө байланыштуу 10-февралда Улуу Британияда мажбур түрдө карантин киргизилди.

9-февралда эл аралык 70тен ашык компаниялар Сингапурдагы эң чоң азиялык авиашоу деп эсептелген иш-чарага катышуудан баш тартты.

8-февралда Россиянын Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги Кытайга Ил-76 учагы менен дары-дармектерди жана жеке коргоочу каражаттарды жөнөттү.

7-февралда Hyundai Motors компаниясы Түштүк Кореянын Ульсан шаарындагы өндүрүш комплексинин ишин токтотту. Буга коронавирус дартына байланыштуу Кытайдан ташылып турган керектүү каражаттардын жетишсиздиги себеп болгон.

7-февралда Екатеринбург шаарына «Урал авиалиниялары» компаниясынын акыркы учагы Пекин шаарынан учуп барган.

6-февралда Tesla компаниясынын акциялары 17 пайызга төмөндөдү. Буга Кытайдагы Model 3 өндүрүшүнүн токтогону себеп.

5-февралда Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус менен күрөшүүдө Кытайга көмөк көрсөтүүгө сөз берип, инфекциядан кийин бааларды жогорулатып жиберген дарыканалардын лицензияларын кайтарып алууну тапшырды.

5-февралда Кытайдагы россиялык жарандарды эвакуациялоо иштери аяктады. 2 учак менен 144 адам жеткирилген. Анын ичинен 16 адам КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Алар Тюмень облусундагы ооруканада 2 жумалык карантинде болушат.

5-февралда Япониядагы круиздеги 10 адамдан коронавирус табылган. Алар ооруканага жеткирилди.

4-февралда Россия коронавирустун жайылышын алдын алууга 1,2 млрд рубль каражат бөлгөн.

4-февралда Гонконг шаарында коронавирус дартынан адам көз жумган биринчи учур катталды.

3-февралда Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин коронавируска байланыштуу өкмөткө Сочидеги Россия инвестициялык форумун өткөрүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштаган. Иш-чараны 12-14-февралда өткөрүү пландалган. Ушул эле күнү ал форумду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу тууралуу буйрукка кол койду.

3-февралдан тарта Россия Кытай менен болгон темир жол каттамын (жүргүнчүлөр) токтотту. 2-февралда Россиянын өкмөтү айланадагыларга коркунуч жараткан оорулардын тизмесине өзгөртүү киргизип, ага коронавирустун жаңы түрүн (2019-nCoV) кошту.

2-февралда Филиппинде коронавирус дартынын кесепетинен 44 жаштагы эркек адам көз жумду. Бул Кытайдын аймагынан тышкары аталган илдеттен адам көз жумган биринчи учур болду.

1-февралда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу аба күчтөрүндөгү 5 учакты Кытайдагы россиялык жарандарды алып келүү үчүн колдонууну тапшырды.

1-февралдан тарта учактары Кытайга учкан россиялык авиакомпаниялар чартердик режимде гана иштеп баштады.

Испанияда жана Швецияда коронавирус жуктургандар катталды.

31-январда Россияда коронавирус жуктурган 2 учур катталды.

31-январда тарта «Huawei», «Xiaomi», «Vivo», «Realme», «ZTE», «Lenovo» смартфондорунун кытайлык өндүрүүчүлөрү, ошондой эле Американын «Apple» компаниясы жабдыктарды Россияга жеткирүүнү 2 жумага токтотту. 31-январдан тарта «Россия темир жолу» ЖЧК Кытайга болгон темир жол каттамын (жүргүнчү) 1-мартка чейин токтотту. Ошондой эле Хабаровсктан Харбин жана Хайнань аралына болгон авиакаттамдар токтотулду.

30-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирустун жайылуусун өзгөчө кырдаал деп тааныды.

30-январда премьер-министр Михаил Мишустин Россиянын Ыраакы чыгыштагы чек арасын жабуу тууралуу буйрукка кол койду.

29-январда коронавирусту жуктургандардын саны 6 миң адамга жеткен.

«Toyota» жана «Honda» компаниялары, ошондой эле «Starbucks» Кытайдагы ишканаларынын иши токтотулганын жарыялады. «Google» компаниясы Кытайдагы бардык кеңселерин убактылуу жапты.

28-январда коронавирустан каза болгондордун саны 100 адамдан ашты. 27-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун глобалдык коркунучу тууралуу баа берилген документте ката кетирилгенин мойнуна алды. 27-январда Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус боюнча абалды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүүнү тапшырды.

27-январда «Brent» нефтинин баасы 60 долларга арзандады. Рубль курсу вирус тууралуу маалыматтардан улам төмөндөдү.

26-январда «NordStar» авиакомпаниясы Новосибирсктен Хайнань аралына болгон каттамды токтотту.

25-январда Кытайдын туристтик агенттиктери топтук саякаттоону убактылуу токтотту.

24-январда коронавируска байланыштуу Кытайдын Хубэй провинциясында 13 шаар жабылды. Арасында Ухань шаары да бар.

23-январда Кытайдын бийлиги Ухань менен болгон аба жана темир жол каттамдарын токтотту.

22-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Женевада өзгөчө кырдаалдар комитетинин отурумун өткөрүп, бирок коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал жарыялаган жок.

21-январда Россиянын саламаттыкты сактоо министри Сергей Краевой коронавирусту «биологиялык коркунуч» деп атады.

20-январда кытайлык дарыгерлер жаңы коронавирус адамдан адамга жуга турганын тастыкташты.

13-январда Тайландда Ухандан барган аялдан коронавирус табылды.

9-январда Ухань шаарында коронавирус жуктурган адам каза болду. Бул аталган вирустан адам каза болгон биринчи учур болчу.

1-январда вирустун булагы катары деңиз азыктары сатылган базарды аташты. Базар дароо жабылган.

2019-жылы 31-декабрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун жаңы түрү тууралуу билдирүү алган. Вирус 11 млн адам жашаган Ухань шаарында чыкты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком