16:33, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202054 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (69 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Ч.Айдарбеков европалык тараптын чакыруусу менен Брюсселдеги отурумга катышты

На русском
11:03, Бирдин айынын он төртү, 2020 265

Баракелде -  Брюссель шаарында 12-февралда Европа Биримдиги – Борбордук Азия жумушчу тобунун курчап турган чөйрө жана климаттын өзгөрүшү боюнча 9-отуруму өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, аталган жыйынга тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков европалык тараптын чакыруусу боюнча катышты.

Өз сөзүндө Ч.Айдарбеков жалпысынан Кыргызстанда жана Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүнүн байкалып жаткан терс кесепеттери, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча өлкөдө көрүлүп жатан чаралар тууралуу айтып өттү. Климат жана экология тармагындагы кызматташтык Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритеттеринин бири экендигин баса белгиледи. Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө таасир этүүгө, тактап айтканда, мөңгүлөрдүн ээришине, уран калдык сактагычтарын реабилитациялоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкөдө экологиялык дипломатия күчтөндүрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Мындан сырткары Кыргызстан БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын жана Париж келишимин жактай турганын тастыктап, аларды ишке ашырууга өлкөлөрдү чакырды. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жана анын кесепеттерине ыңгайлашууда өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттердин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык сектордун, бизнес-коомчулуктун күч аракеттерин консолидациялоонун маанилүүлүгүн айтып өттү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком