15:31, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202050 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (80 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (26 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Кыргызстанда коронавирус кантип текшерилет?

На русском
09:56, Бирдин айынын он төртү, 2020 490

Баракелде -  Жарандар коронавируска 2 жолу — ооруканага жаткырылганга чейин жана ооруканадан чыгарылып жатканда текшерилет. Бул тууралуу АКИpress агенттигине саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

«Көзөмөл учурунда алкым көңдөйүнөн мазок алынып, Улуттук вирусологиялык лабораторияга жеткирилип, ал жерде реагенттердин жардамы менен текшерилет», - деди ал.

Исаковдун айтымында, бардык санитардык-карантиндик пункттар штаттык режимде иштеп жатат. Республикадагы стационарларда жалпы 812 орун даярдалды.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдиргендей, өлкөдөгү лабораторияларда жаңы коронавирусту аныктаган тесттер бар.

«Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы боюнча коронавирустук инфекцияга шектелгендердин клиникалык материалдарын референс лабораторияларга (Лондон, Роттердам, Атлант жана Новосибирск) жөнөтүү боюнча макулдашуу бар», - деди ал.

Артыкованын айтымында, респиратордук материал вирусологиялык лабораторияда изилденет. Ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат.

Т.Исаков бүгүнкү күндө Кытайдан келген 123 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалап: «Алардын саламаттыгы жакшы, эч ким коронавирус менен ооруган жок. Жашаган жери боюнча 591 адам медициналык көзөмөлгө алынды», - деди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком