16:40, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020413 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (65 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Бир жумадан кийин «Ак-Жол» өткөрмө пункту жабылат

На русском
17:36, Бирдин айынын он үчү, 2020 139

Баракелде -  20-февралдан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол—унаа жолу» өткөрүү жайында реконструкциялоо иштери жүрө тургандыгына байланыштуу транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Бул өткөрүү жайынан жарандар мамлекеттик чек араны жөө кесип өтө алат. Бирок коммерциялык максатта чоң жүктөрдү жана көлөмдүү баштык алып жүрө алышпайт. Ошол эле убакта өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп турат.

«Ак-Жол—унаа жолу» өткөрүү жайы жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дөн 24:00гө чейин иштейт. Чүй облусунун Казакстан менен чектеш аймагында төмөнкү өткөрүү жайлары иш алып барат: «Ак-Тилек—унаа жолу, «Токмок—унаа жолу», «Кең-Булун—унаа жолу», «Чалдыбар—унаа жолу» жана «Кайыңды—темир жол».

«Ак-Тилек—унаа жолу» көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.

«Токмок—унаа жолу» эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Ю.Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

«Кең-Булун—унаа жолу» эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булун айылына жакын жерде жайгашкан.

«Кайыңды—темир жолу» көп тараптуу өткөрүү жайы темир жол транспорту менен бара жаткан жарандарды жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан.

«Чалдыбар—унаа жолу» көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.

Бардык өткөрүү жайлар күнү-түнү иш алып барышат. Үч өткөрүү жайында — «Ак-Жол—унаа жолу», «Ак-Тилек—унаа жолу» жана «Чалдыбар—унаа жолунда» чет өлкөнүн жарандары жана атуулдугу жок адамдар өткөрүлүп жатат.
Карта

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком