15:09, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (81 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (26 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Эки көзү көрбөй калган Жаабарстын учурдагы жашоосу (сүрөт)

На русском
17:31, Бирдин айынын он үчү, 2020 337

Баракелде -  Жаабарс аттуу ак илбирс чоңураак капаска которулду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине «Бугу эне» коомдук фондунун жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди.

Жаш ак илбирс октон жаракат алган. Аны Таластан таап, андан кийин Бишкекке алып келишкен. Ветеринарлар илбирстин башынан 70ке жакын октун чачмалары табышкан. Жаныбарга операция жасалып, 20дай октун чачмасы алынган.

Учурда жаш ак илбирс «Бугу эне» коомдук фондунун реабилитациялык борборунда багылып жатат. Ушул жуманын башында ветеринарлар ак илбирстин эки көзү тең көрбөй калган жана көрүүсүн калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишти.

Социалдык тармактын колдонуучулары жаш ак илбирс уктатылабы же жокпу деген суроону беришкен.

Салтанат Сеитова: «Эч ким аны уктата албайт, анткени бул баалуу жаныбар. Тескерисинче, биз анын көнүп кетүүсү үчүн аракет кылабыз. Алар деле адамдардай күтүүсүздөн көзү көрбөй калса, эмне кыларын билбей, дүрбөлөңгө түшүшөт. Учурда ал көчөдө чоңураак тордо жашап жатат», - деди.

Ал эми ветеринар башка маселени көтөрүп: «Жаш илбирстин өтмө жаракаттары бар. Октун чамалары каякка чейин жеткени белгисиз. Октун чамалары ордунан жылышы мүмкүн, бул кооптуу болушу мүмкүн. Дагы эле коркунуч бар, анткени анда дагы октун чамалары көп. Ошондуктан ага туруктуу байкоо жана колдоо керек. Үй жаныбарларын сылап-сыйпап, тынчтандырууга болот. Ал эми ак илбирсти сылап, тынчтандыра албайбыз, ошондуктан аны менен акырын сүйлөшүп жатам», - деди.

Салтанат Сеитова жашоочулардан аталган ак илбирсти уктатып салуу боюнча сунуштар түшүп жатканын кошумчалады.

«Ал жашашы керек деп эсептейм. Ал көнүп кетет», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком