15:08, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (83 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Сүрөт: Түндө Бишкекте 3 адамды унаа сүзүп, бири каза болду

На русском
13:23, Бирдин айынын он үчү, 2020 918

Баракелде -  Бишкек шаарында 3 жөө жүргүнчүнү унаа менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Жөө адамдардын бири окуя болгон жерде көз жумганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, окуя 13-февралга караган түнү Масалиев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жөө жүргүнчүлөрдүн экөө ооруканага жаткырылса, бири каза болуп калган.

«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган Т.К. кармалды. Ал ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, унаа айып короого киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Бул факт Жазык кодексиндеги 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком