15:31, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202050 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (79 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (26 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Коронавирус: Кытайда бир суткада 14,8 миң жаңы учур катталды

На русском
11:12, Бирдин айынын он үчү, 2020 328
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирусту жуктургандардын санынын кескин өсүшүнө диагностиканын жаңы ыкмасы себеп болгон. Бул тууралуу өлкөнүн гигиена жана саламаттыкты сактоо аймактык комитети билдиргенин «РИА новости» басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда, бейтаптардын көбүнүн диагнозу такталган. Буга жаңы жуккан учурларда топтолгон статистиканын жардамы тийген. Эми ооруканага түшкөн бейтаптардын диагнозу дагы жаңы классификация боюнча аныкталып жатат.

Бүгүн, 13-февралда бир суткада «COVID-2019» вирусунун кесепетинен 14 миң 840 жаңы учур катталганы маалымдалган. Учурда ооруканада 33 миң бейтап бар болсо, 3441 адам ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 1310 адамга жетти.

9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан. Оорунун негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком