15:22, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202048 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (97 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
11:53, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (18 адам окуп жатат)
Каракчылык, алдамчылык, уурулук: Бишкекте кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү

Коронавирус: Ухань шаарына 2,6 миң дарыгер жөнөтүлдү

На русском
11:09, Бирдин айынын он үчү, 2020 179

Баракелде -  Кытай өлкөсүнүн Ухань шаарына коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2600 медициналык кызматкер жөнөтүлдү. Бул тууралуу «РИА новости» басылмасы билдирди.

Бул чечимди Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпинь чыгарган. Уханга кургактагы, деңиздеги, абадагы жана башка аскердик бөлүктөн кошумча күч барат. Ошондой эле жаңы барган дарыгерлер Тунцзи ооруканасынын базасындагы «Хошэньшань» бейтапканасында жана Гунгу районунда жайгашкан эне жана баланы коргоо ооруканасында бейтаптарды дарылоону уюштуруу менен алек болот. Биринчи ооруканага 860, ал эми экинчи ооруканага 700 адам жайгаштыруу пландалып жатат.

Кытайдын бийлиги 2019-жылдын декабрь айынын аягында Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус жайылганын маалымдаган. Адистер алдын ала 2019-nCoV вирусу пайда болгонун аныкташкан. Акыркы маалыматтарга караганда, Хубэй провинциясында 48,2 миң адамга вирус жуккан. Ал эми ооруканадан 3441 адам чыгарылса, 1310 адам каза болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком