15:11, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (82 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Вирус тараган Ухандагы ооруканада казакстандык дарыгер «Кара жорго» бийин бийледи. Видео

На русском
17:38, Бирдин айынын он экиси, 2020 160

Баракелде -  Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканалардын биринде бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүп жаткан казакстандык дарыгер «Кара жорго» бийин бийледи. Анын бийинин видеосу интернетке тарап жатат.

«Бейтаптарды колдоо максатында бийледи. Ал абдан жакшы адам жана макты дарыгер», - деп жазды видеонун авторлору.

9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронавирус — бир нече ооруну — сасык тумоодон баштап курч респиратордук белгилерди пайда кыла турган вирустардын топтому. Вирустардын 39 түрү бар, алардын ичинен алтысы адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.

Коронавирус жуктуруп алган адам чыйрыгып, жөтөлүп, күйүгүп, дем алууда кыйналат. Оору күчөп кеткенде өпкө сезгенип, бөйрөктүн иштөө функциясы бузулат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком