16:30, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202053 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (65 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (32 адам окуп жатат)
Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды

Окуя учурундагы видео: 68 жаштагы жарандын сейфин интернеттен таанышкан аял уурдап кетти

На русском
13:54, Бирдин айынын он экиси, 2020 1071

Баракелде -  Санкт-Петербургдун полиция кызматкерлери Өзбекстандын жаранын кармашты. Ал ишкерге таандык 3 миллион рубль суммасындагы (47 миң доллар) акча салынган сейфти уурдап кеткен.

Видеодон аталган аял оор металл кутучасын жуурканга ороп, лифтке киргенин көрүүгө болот. Андан соң сыртка чыккан. Бирок сейфти кантип ачканы белгисиз экенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Полицияга 10-февралда 68 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анын айтымында, 2019-жылдын декабрь айында Мая аттуу кыз менен интернеттен таанышкан. Ал эми 24-январда таанышкан кыз анын үйүнө конокко келип, 3 миллион рубль салынган сейфин көтөрүп кеткен. Жабырлануучу ал акчаны кичи бизнес ачуу үчүн насыяга алганын билдирди.

Жыйынтыгында аял өз мекени Өзбекстанга кетип бара жаткан жеринен кармалган. Уурдалган акчанын жарымын коротуп, жарымын туугандарына жибергени маалым болду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком