16:05, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202046 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (76 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Көпчүлүк коалиция вице-премьер кызматына А.Мадумаровдун талапкерлигин жактырды

На русском
11:35, Бирдин айынын он экиси, 2020 592
Акрам Мадумаров
Акрам Мадумаров

Баракелде -  Премьер-министрдин атынан вице-премьер-министр кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлигин кароо боюнча сунуштама түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Учурда көпчүлүк коалициянын отуруму өтүп жатат. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мадумаровдун талапкерлигин тааныштырды. Ал талапкердин эмгек жолу тууралуу айтып берди.

«Ал чек арада жайгашкан, өзгөчө кыргыз-тажик чек арасындагы райондордогу бардык маселелерди толук билет», - деди Абылгазиев.

Андан кийин Мадумаров өзү тууралуу айтып берип, көпчүлүк коалиция анын талапкерлигин жактырып, чечимди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетине жөнөттү.

Учурда Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Ал бул кызматка 2019-жылы апрель айында келген.

Буга чейин Жеңиш Разаков Парпиевич вице-премьер-министр кызматынан бошотулганын өлкө башчынын басма сөз кызматы кечээ, 11-февралда билдирген.

Жеңиш Разаков Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) менен чек ара маселелерине жооптуу болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком