15:22, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202048 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (99 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
11:53, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (18 адам окуп жатат)
Каракчылык, алдамчылык, уурулук: Бишкекте кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү

Кордайдагы баш аламандык: Н.Назарбаев күнөөлүүлөрдү жазалоону тапшырды

На русском
09:30, Бирдин айынын он экиси, 2020 244
Первый президент Казахстана Нурсултан Назарбаев
Первый президент Казахстана Нурсултан Назарбаев

Баракелде -  Казакстандын Нур-Султан шаарында биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин жетекчилигинде Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Отурумда Жамбыл облусунун Кордай районундагы окуя боюнча маселелер каралды.

Нурсултан Назарбаев отурумду ачып жатып, бул жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жабыркагандарга ден соолук каалады.

«Бул абал мени абдан тынчсыздандырды. Биз эл менен бирге 30 жылда кыйынчылыктардан өттүк. Жаштар бул маселелерди керек болсо элестете албайт. Казакстанда 130 ишкана ишмердүүлүгүн токтотуп, 2,5 млн адам жумушсуз калып, үйлөрдө жылуулук жок болуп, азык-түлүк тартыштыгы жаралган. Бул мезгилден чогуу өттүк», - деди ал.

Назарбаев жаңжалдын себебин дыкат изилдеп, күнөөлүүлөрдү мыйзам боюнча жазалоону тапшырды.

«Бул маселе улуу муунду тынчсыздандырышы керек. Улуттун лидери катары максатым — Казакстанды келечек муун сыймыктана тургандай деңээлге чыгаруу. Улуу муундун миссиясы биздин жалпы милдетибиз эгемендикти сактап, өлкөнү өнүктүрүү экенин жарандарга түшүндүрүү болуп саналат», - деди Назарбаев.

  • 7-февралда Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланган. Анын кесепетинен 10 адам каза болду. Жаңжал учурунда турак үйлөр, унаалар жана дүкөндөр өрттөлдү. Окуядан кийин бир нече адам камакка алынды.
  • Масанчи айылы Кыргызстанга чектеш жайгашкан. Аталган айыл менен Токмок шаарын Чу дарыясы бөлүп турат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком