15:38, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202054 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (90 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
14:55, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (33 адам окуп жатат)
«Франкфурт жана Маяне» деген төрага адашканынын себебин айтты

Видео: Ысык-Ата жаракасы кайсы жерден өтөт жана курулуштарга кандай таасир тийгизет?

На русском
13:23, Бирдин айынын он экиси, 2020 768

Баракелде -  Бишкек шаарындагы Түштүк магистралда акыркы жылдары көп кабаттуу үйлөр, ар кандай уюмдар жана парктар пайда болуп жатат. Буга байланыштуу «Бул аймакка курулуш курууга болобу?», «Бул адамдарга кандай коркунуч жаратат?» жана «Бул жаракага канчалык жакын "барууга" болот?» деген суроолор пайда болот.

Тектоникалык жарака Сосновка айылынан Токмок шаарына чейин жетет. Жалпы узундугу — болжол менен 150 км. Бишкек шаарынын аймагында жараканын сызыгы 10 чакырымга чейин созулат. Дал ушул аймакта жараканы так көрүүгө болот. Ал Орто-Сай дөңсөсү аркылуу өтөт.

Ысык-Ата жаракасынын таасир зонасы — 3000 метр: 1500 метрден түндүк жана түштүк боюнча. Бул жер Көк-Жар, Беш-Күнгөй, Кара-Жыгач, Орто-Сай, Чоң-Арык, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Жал айылдарын камтыйт.

разлом2

Курулуш үчүн жарамдуулук боюнча 5 зона бөлүнгөн. Биринчи зонада жаракадан түндүккө 100 метр, түштүккө 200 метрде имарат курууга таптакыр болбойт. Башка зоналар үчүн кабат жана конструкция боюнча нормалар жазылган. Экинчи зона — түндүккө 100 метрден 300 метрге чейин; үчүнчү зона түндүктөн 300 метрден 500 метрге чейин; төртүнчү зона түндүктөн 500 метрден 1500 метрге чейин, бешинчи зона түштүктөн 200 метрден 1500 метрге чейин.

Сейсмологиялык коопсуздук боюнча институттун директору А.Сыдыковдун айтымында, Бишкектин борборундагы имараттар коопсузураак зонада жайгашкан. Ысык-Ата жаракасына жакын жана анын аймагында жайгашкан имараттар боюнча чочулоо негизсиз деп айтууга болбойт.

«Ысык-Атадагы жарака — жер титирөөнүн очогу. Андан бир аз алыстагандан кийин жер титирөө басылып калат», - деди ал.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахманов курулуш ченемдери жана эрежелердин картасын түшүнө албаган жөнөкөй тургунга жараканын магистралдык сызыгы кайсы жерден өтөрүн айтып берди.

«Эгерде тоо тарапты карасаңар, Кыргызстандын желеги желбиреп турганын көрөсүңөр. Андан ары Кыргыз тоо кыркасы көрүнөт. Ысык-Ата кырка тоосу желектин алдында, тоо этеги менен өтөт», - деди ал.

К.Абдрахматов билдиргендей, жараканын жылып кетүү ылдамдыгы 1 жылда 2,9 миллиметрди түзөт. Бул — чоң ылдамдык. Эгерде жарака бар жерге үй курулса, 10 жылдан кийин үйдүн жарымы 3 сантиметрге, 15 жылдан кийин 4,5 сантиметрге чейин көтөрүлөт.

«Бул ширеңкенин кутусундай. Эч кандай үй мындай жердин жылышына туруштук бере албайт. Ысык-Атадагы жарака боюнча жердин жылышы ар дайым боло бербейт. Жарака импульстук мүнөзгө ээ болот. Көпкө чейин кыймылдабай, анан бир учурда 2-2,5 метрге чейин жылып кетет. Чыңалуу толо берет. Эгерде жараканын ордуна курулуш курулса, ал катуу жер титирөөдө талкаланып калат. Биз Бишкекте тыюу салынган аймактар кайда экенин аздыр-көптүр билебиз. Эч нерсе жок айылдарда элдер каалаган жеринде үй куруп жатышат. Көбүнчө жараканын линиясына курушат. Ал жердин жылышы менен гана коркунучтуу эмес. Ошондой эле ал жакта радио активдүү газдар чыгышы мүмкүн. Ал жакта көп убакытка чейин жашаган адамдарга чоң зыян алып келиши мүмкүн. Алар нурланууга дуушар болушат», - деди ал.

Канатбек Абдрахмановдун айтымында, институт көп жыл мурун жараканын ордуна имарат курган. Ал азыркыга чейин иштеп, изилдөөлөр жүргүзүлүп келет.

«Бул сарайдан жаракаларды көрүүгө болот. Эң кызыктуусу биздин имаратка бетме-бет бирөөлөр 3 кабаттуу үй куруптур. Ал жараканын так ортосунда турат. Бир тарапты карасаң жараканы, ал эми башка тараптан үй турганын көрөсүң. Биз ал жердеги тургундар менен сүйлөшүүгө аракет жасадык. Бирок алар биз менен сүйлөшүүнү каалаган жок», - деди ал.

Жалпысынан караганда курулушка карата талаптар коюлуп жатат, бирок мыйзамсыз курулуштар дагы деле жүрүүдө. Ал эми адамдар кооптуу аймактарда жашоону улантууда.

сарай2

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком