15:08, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202041 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (91 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (25 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

М.Абылгазиев: Бүгүнкү күндө биздин өлкө дүйнөгө кызыктуу болуп турат

22:26, Бирдин айынын он бири, 2020 1152
Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Кыргызской Республики Мухаммедкалый Абылгазиев

Баракелде -  Аймактарды өнүктүрүү менен туристтик тармактын өнүгүшүн бөлүп кароого болбойт. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер менен жолугушууда билдирди.

«Туризм туура башкаруу жана шайкеш коротуу менен казынага көп акча алып келүү мүмкүнчүлүгү бар багыттардын бири болуп саналат. Инфраструктураны жакшыртуу аркылуу биз аймактарды дагы өнүктүрө алабыз. Бүгүнкү күндө биздин өлкө дүйнөгө кызыктуу болуп турат. Көп киреше алып келүү мүмкүнчүлүгү бар туристтик дарамети боюнча Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун чыгарган рейтингине кошулабыз. Тилекке каршы аны кантип жасайбыз деген так түшүнүк жок», - деп белгиледи премьер-министр.

Өкмөт башчы жылда жүргүзүлүүчү мониторингдин жыйынтыгын мисал келтирди. Ага ылайык, 2019-жылы Кыргыз Республикасына 8,5 миллиондон ашык чет элдик жаран келген.

«Мен келгендердин баары туристтер деген ойдон алысмын. Бирок жок дегенде булардын жарымы биздин өлкөгө эс алуу үчүн келди деген ойдомун. Биз бүгүнкү күндө туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу ниетибиз бар. Туризм ата мекендик экономиканын алдыңкы тармактарынын бири болушу шарт. Эгерде 2019-жылы ички дүң продукциянын туризмдин үлүшү 5%ды түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүчтү 7%га чейин жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн, мисалы, өлкөгө кирген туристтерди эсептөөнүн усулун карап чыгуу шарт. Сиздердин сунушуңуздардын негизинде биринчи кезекте көңүл бура турган башка аспектилер дагы бар», - деген Мухаммедкалый Аблыгазиев эл аралык эксперттерге кайрылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком