15:33, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202050 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Бишкекте кармалган карышкыр туткунда болгон, - адистер

На русском
16:11, Бирдин айынын он бири, 2020 132

Баракелде -  Бишкек шаарындагы мектептердин биринин жанында кармалган карышкыр туткунда болгон. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай жыйынтыкты адистер карышкырдын түлөгөнүн көрүп чыгарышкан. «Карышкырлар тааныш чөйрөдө болсо жазында түлөп башташат. Ал эми Бишкекте кармалган бул карышкыр азыр түлөп жатыптыр. Бул анын жылуу жерде кармалганын айтып турат. Карышкыр жаш, бир жашка дагы чыга элек. Ошондой эле азуу тиши сынып калыптыр. Балким кармоо учурунда сынган», - деп айтылды маалыматта.

Карышкырды ветеринардык дарыгерлер текшериши керек. «Бугу эне» коомдук фондунун президенти, ветеринардык дарыгер Салтанат Сейитова АКИpress агенттигине билдиргендей, кармалган карышкырды реабилитациялык борборго алып келишет.

«Бул жапайы карышкыр болушу мүмкүн эмес. Анткени жапайы карышкыр шаар ичинде жүрө албайт. Аны оңой эле кармап алууга болбойт. Жапайы жаныбарды үйдө кармап, анан ал качып кетиши мүмкүн», - деп болжолдоду ал.

Бишкек шаарында жайгашкан №41 мектептин аймагында жүргөн карышкыр кармалган. Күбөлөр милиция кызматкерлерин чакырган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, «102» кызматына чакыруу бүгүн, 11-февралда түштө түшкөн. Айтылган дарекке аталган кызматтын өкүлдөрү жөнөтүлгөн. Алар карышкырды 40 мүнөттүн ичинде колго түшүрүп, жырткычты экологдорго өткөрүп беришкен.



Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком