16:48, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020489 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (58 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Алматыдагы кырсык: Учак кулаган үйдүн ээсин сотко беришти

На русском
11:49, Бирдин айынын он бири, 2020 2215

Баракелде -  Казакстандагы «Bek Air» компаниясы учак кулаган үйдүн ээсин сотко берди. Бул тууралуу «Тengrinews.kz» басылмасы билдирди.

«Жакында “Bek Air“ мени сотко бергени тууралуу документ келди. Азыр ойлонуп жатам. Эмне үчүн алар акимиатты эмес, мени сотко берип жатышат? Жер берүү тууралуу чечимди мага акимиат берген.Үй салууга уруксат берүүнү дагы акимиат чечкен. Мени күнөөлүү кылып жатышат. 21-февралда сотко чакырышты. Мен мурун аларды сотко бергем. Алар мага жооп катары доо арызын беришти», - деди үйдүн ээси Решет Калибек.

Мындан тышкары учак кулаган үйдүн ээси башка жер тилкесин сураган. Бул өтүнүчүн ал юрист Бакытжан Базарбектин социалдык тармактагы баракчасында айткан. Решет Калибектин айтымына караганда, мурун Талгар районун акимиаты келтирилген чыгымдын ордун толтуруп бере турганын билдирген.

Решет Калибек үйүнө жана эмерегине келтирилген чыгымдын жалпы суммасын 25 млн тенге түзгөнүн белгиледи. Ал эми үйүн 20 млн тенгеге баалаган.

«Алар (акимиаттын кызматкерлери) эки вариантты сунушташкан: үй куруп берүү же акча берүү. Бирок алар телефон чалууга жооп бербей, менден качып жатышат. Мен чыгымдын ордун толтурушун каалайм. Моралдык компенсация түрүндө башка доону талап кылбайм. Дагы бир суранычым, жер тилкесин мыйзамдуу жерде алып беришсин», - деди Решет.

Ал белгилегендей, мурунку жер тилкеси мыйзамсыз экенин билгенинде үй курбайт болчу. Талгар районунун акимиатынан үй мыйзамсыз курулганын билдирген. Чиновниктердин айтымында, имарат уруксатсыз курулган. Жер кодексине ылайык, үйдү курууга болбойт болчу.

  • 2019-жылдын 27-декабрында саат 07:22де жүргүнчүлөрдү ташыган учак Алматы облусунун Кызыл-Туу кыштагына кулаган. Ал кулаган 2 кабаттуу курулуп жаткан имаратта адамдар болгон эмес. ИИМдин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болгон.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком