15:13, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202045 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (79 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (20 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Жаңжал чыккан Кордай районунда учурда абал кандай?

На русском
10:45, Бирдин айынын он бири, 2020 126

Баракелде -  Казакстандын өкмөтүнүн кезектеги отурумунда Жамбыл облусунун жаңы акими Бердибек Сапарбаев жаңжал чыккан Кордай районундагы абал тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө райондо абал туруктуу.

«Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү аткаруучу органдын кызматкерлери менен бирге иш-чараларды жүргүзүп жатат. 5 күндүн ичинде 141 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылса, алардын ичинен 19 адам полиция кызматкери. Жаңжалдын кесепетинен 10 адам каза болду. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлдү. Учурда Кордайдагы ооруканада 13 адам, Алматыдагы ооруканада 25 адам дарыланууда. Кыргызстандагы 9 адам Алматы менен Таразга алынып келди. Ал жерде азыр казак жарандары жок», - деди аким.

Ошондой эле Бердибек Сапарбаев белгилегендей, Кордайга Алматыдан белгилүү жана кесипкөй 10 дарыгер келди.

«Биз учурда үйлөрдү жана коммерциялык объекттерди текшерип жатабыз. Мындай окуя кайталанбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Белгилүү болгондой, 3 күндүн ичинде айрым жарандар Кыргызстанга кетти. Кечээтен бери мектеп, бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат», - деди ал.

  • 7-февралда Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланган. Анын кесепетинен 10 адам каза болду. Жаңжал учурунда турак үйлөр, унаалар жана дүкөндөр өрттөлдү. Окуядан кийин бир нече адам камакка алынды.

  • Масанчи айылы Кыргызстанга чектеш жайгашкан. Аталган айыл менен Токмок шаарын Чу дарыясы бөлүп турат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком