15:13, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202044 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (77 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (21 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Сүрөт: Октон жабыркаган Жаабарстын эки көзү тең көрбөй калды

На русском
16:10, Бирдин айынын ону, 2020 248

Баракелде -  Таласта табылган ак илбирс — Жаабарстын көзүнүн көрүүсүн калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу «Бугу эне» коомдук фондунан билдиришти.

Бүгүн, 10-февралда Жаабарстын көзүн Кыргыз-орус славян университетинин офтальмология кафедрасынын башчысы, профессор Медведев Михаил Анатольевичтин жетекчилиги алдында Улуттук госпиталдын дарыгерлери Тургунбаев Нурлан Айтбаевич менен Островерхов Александр Иванович текшерди.

«Тилекке каршы диагноз көңүл жубатарлык эмес. Операция жасоо пайдасыз, көзүнүн көрүүсүн калыбына келтирүүгө болбойт», - деп айтылды маалыматта.

Илбирстин эки көзү тең жаракатынан улам көрбөй калды. Сезгенүү пайда болуу коркучуну болгонуна байланыштуу, жаныбар дайыма көзөмөлдө болуш керек. Ошондой эле ветеринардык дарыгерлер жаныбардын ички органдарын УЗИ аркылуу текшеришип, канынан кайрадан анализ алышты.

------------------------------------------

9-январда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Булбул-Жар токоюнда жарадар болгон ак илбирс табылган. Ал дарактын башында түшө албай отурган болчу. Жаныбарга ок атылганы аныкталган.

Адистер өмүрүнө коркунуч жаратып турган 18 октун чачмаларын алышкан. Ал эми милиция менен экологдор ак илбирсти аткан адамды издөөнү улантып жатышат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком