15:08, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202042 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (86 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Өзбекстандын президентинин күйөө баласы жаңы кызматка дайындалды

На русском
09:48, Бирдин айынын ону, 2020 118

Баракелде -  Өзбекстандын аралаш күрөш искусство ассоциациясы IMMAF'дин (аралаш күрөш искусствосунун эл аралык федерациясы) курамына кабыл алынды. Өзбек президентинин кичүү кызы Шахноза Мирзиёеванын күйөөсү Отабек Умаров ММАнын Борбордук Азия конфедерациясынын башчысы болуп дайындалды.

Кечээ, 9-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында аралаш күрөш искусствосунун эл аралык федерациясынын кеңешинин жылдык ишине арналган маалымат жыйын болуп өткөн. Анын алкагында ММАнын Борбордук Азия конфедерациясы түзүлүп, Отабек Умаров жетекчи болуп дайындалды. Ал эми Искандер Карим менен Валихан Тен вице-президент болду.

Конфедерациянын штаб-квартирасы Өзбекстанда жайгашты. Учурда Отабек Умаров — Аралаш күрөш искусствосу ассоциациясынын президенти. Мындан тышкары Өзбекстандын президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары жана Өзбекстандын триатлон федерациясынын төрагасы болуп эмгектенип келет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком