16:49, Бирдин айынын он жетиси, 2020
16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020499 Чүйдөгү ооруканада бейтап өз өмүрүн кыйды
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (60 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Таиландда аскер кызматкери 26 адамды эмне үчүн атып өлтүрдү?

На русском
09:43, Бирдин айынын ону, 2020 724

Баракелде -  Таиланддын Накхонратчасима шаарында аскер кызматкери 26 адамды атып өлтүрдү. Ал бул кылмышты үйүн сатууда көйгөй жаралгандыктан жасаганын өлкөнүн премьер-министри Прают Чан-Оча билдиргенин «Agence France Press» басылмасы жазды.

Окуя 8-февралда соода борборлорунун биринде болгон. Ал эми кол салган кенже офицер Жакрапант Томма жок кылынды. Ал адамдарды барымтага алып, 26 жаранды өлтүргөн, алардын арасында полиция кызматкери да бар. Аны жок кылуу операциясын Таиланддын кургактагы аскерлеринин кол башчысы жана өлкө полициясынын башчысы жетектеди.

«Кhaosod English» басылмасынын маалыматы боюнча, Жакрапант Томма аскердик жол тандабасты уурдап, шаардын түндүк-чыгышындагы соода борборуна барган. Ал эми кол салуу учурунда тартылган сүрөт жана видеолорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Видеодо чарчап, колу жылбай калганын айтып, ал жердеги адамдардан «багынып берейинби?» деп сураган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком