15:20, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202047 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (104 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
11:53, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (19 адам окуп жатат)
Каракчылык, алдамчылык, уурулук: Бишкекте кармалган шектүүлөрдүн сүрөтү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 37 миң адамдан ашты

На русском
21:12, Бирдин айынын тогузу, 2020 488

Баракелде -  Дүйнө жүзү боюнча Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон жаңы вирусту жуктургандардын саны 37 миң адамдан ашты. Алардын ичинен 6,1 миң адамдын абалы оор экенин «РБК» басылмасы жазды.

Маалыматтарга караганда, 2649 адам бул оорудан айыгып чыкса, 29 миң адам ооруканада.

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 811 адамга жетти. Хубей провинциясында каза болгондордун саны (780 адам) көп катталып, жуктургандардын саны 2147 адам болду. Жалпы ооруп жаткандардын саны 27,1 миң адам. Акыркы маалыматтар боюнча, Ухань шаарында 63 адам каза болуп, 1,3 миң адам жуктуруп алган. Ошондой эле биринчи жолу чет өлкөлүк жарандардын (АКШ менен Япония) каза болгону катталды.

Ал эми «РИА Новости» басылмасынын билдирүүсү боюнча, 2002-2003-жылдары катталган эпидемияларга салыштырмалуу бир айда коронавирустан көз жумгандардын саны ашып кетти. 2003-жылы пайда болгон «SARS» вирусунан 30 өлкөдөн 744 адам каза болуп, жуктургандардын саны жалпы 8096 адамды түзгөн. Бирок коронавируска салыштырмалуу ал вирус коркунучтуурак болчу. Себеби анда өлүм боюнча көрсөткүч 9,6 пайызды түзсө, бул жаңы вирустуку 2,2 пайызды түздү.

Мындан сырткары учурда абалдары жакшы болуп жаткандардын саны күндөн күнгө өсүп жатат. Бир жуманын статистикасына карасак, Кытайдын ооруканаларынан:

  • 3-февралда 157 адам;

  • 4-февралда 262 адам;

  • 5-февралда 261 адам;

  • 6-февралда 387 адам;

  • 7-февралда 510 адам;

  • 8-февралда 600 адам чыгарылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком