15:11, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (77 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Азимбек Бекназаров Малайзияга качан кетерин айтты

На русском
13:33, Бирдин айынын сегизи, 2020 264

Баракелде -  Элчи Азимбек Бекназаров кийинки жумада Малайзияга учуп кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өзү бүгүн, 8-февралда журналисттерге билдирди.

«Дүйшөмбү күнү менин китебимдин бет ачары болот, андан кийин кетем», - деди ал.

Буга чейин Бекназаров азырынча Малайзиядагы элчи кызматына кирише электигин АКИпресс агенттигинде 16-январда уюштурган маалымат жыйында айткан.

Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Ал тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 2019-жылдын 26-декабрында басма сөз кызматы билдирген болчу.

17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырган.

Бекназаровдун айтымында, Кыргызстандын тарыхын чагылдырган тарыхый эмгектин үстүнөн иштеп жатат. Аны 15 күндөй убакыттан кийин толугу менен аяктайт.

Бекназаров бүгүн, 8-февралда Бишкекте өтүп жаткан элдик курултайга катышууда.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком