16:06, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202046 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (81 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (22 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы элчиси тууралуу эмне белгилүү?

На русском
15:55, Бирдин айынын жетиси, 2020 115
Назирмада Ализода
Назирмада Ализода

Баракелде -  Назирмад Ализода Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган. Буга чейин бул кызматты ээлеген Сухроб Олимзода 13-январда кызматынан кеткен.

31-январда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода менен жолугушуп, ишеним грамоталардын көчүрмөлөрүн алган.

Резюме

Н.Ализода 1967-жылы 11-ноябрда туулган, улуту — тажик.

- 1993-жылы К.И.Тимирязев атындагы Москва мамлекеттик айыл чарба академиясын;

- 2001-жылы Тажикстандын ишкердик жана сервис институтун аяктаган.

Дипломатиялык ишмердүүлүгүн 2003-жылы баштаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын ишинде чоң тажрыйбасы бар.

- 2014-2019-жылдары Тажикстандын Казакстандагы элчиси;

- 2016-2019-жылдары Тажикстандын Моңголиядагы элчиси;

- 2019-жылы Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалары боюнча элчи, ШКУнун иши боюнча Тажикстандын улуттук координатору;

- 2019-жылдын 12-январында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун буйругу менен Назирмад Ализода Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган.

2-класстагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жогорку дипломатиялык рангга ээ болгон.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин дипломатиялык курамы:

Кеңешчи – Зарина Холмуродова;

Экинчи катчы – Рахмонов Хокимиддин (консулдук маселелер боюнча);

Экинчи катчы – Расулов Орифджон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком