16:34, Бирдин айынын он жетиси, 2020
15:04, Бирдин айынын он жетиси, 202054 Бишкекте эки унаа кагышты
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (77 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды

Дарыгерди таң калтырган бейтап: 63 жаштагы адамдын жүрөгүнөн уюп калган канды алып чыгышты (сүрөт)

На русскомEnglish
13:19, Бирдин айынын алтысы, 2020 686
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Түштүк регионалдык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда кардиохируг Калдарбек Абдраманов жана анын кесиптештери 63 жаштагы бейтаптын жүрөгүнөн уюп калган 435 грамм канды (тромб) алып чыгышты.

Калдарбек Абдраманов АКИpress агенттигине операция тууралуу айтып берди. Анын айтымында, операция кечээ, 5-февралда жасалган. Аталган бейтап жүрөк оорусунан жабыркап жүргөн.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында бейтаптын жүрөгүндө кан уюп калганы белгилүү болду. Бирок биз мындайды күткөн эмеспиз, өзүмдүн тажрыйбамда биринчи жолу кездештирдим. Көргөндө таң калып, ал адам кантип жашап жүргөн деген суроо бердим», - деди ал.

Операция ийгиликтүү өткөнүн белгилеген дарыгер: «Операция учурунда бейтаптын жүрөгүнүн клапанын жана уюп калган канды алдык. Учурда бейтаптын абалы жакшы», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком