15:12, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202044 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (77 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Сүрөт — Жылдыз келиндер кайын энелери менен

12:27, Бирдин айынын алтысы, 2020 31464

Баракелде -  Ар бир ата-эне кызын турмушка узатып, уулун үйлөнтүүнү тилек кылат. Келин «мыйзамдары», эрежелери башка үй-бүлөгө барып, алардын тукумун улоочу болот. Келин менен кайын эненин ортосундагы мамиле абдан маанилүү. Кыргызстандагы ырчы айымдар да айрым учурларда социалдык тармактагы баракчасына кайын энеси тууралуу билдирүү жазып, чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялашат. Бул жолу «Баракелде» басылмасы жылдыз келиндердин кайын энелери менен түшкөн сүрөттөрүн топтоду.

--------------------------------------------------------

Ырчы Неля (Неля Нуркулова) Талас облусуна келин болгон. Жолдошу — ырчы, маданият маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Усенов. Жубайлар 2 баланы тарбиялап жатышат.

Ырчы айым кайын энесин туулган күнү менен куттуктап: «Мен бул үй-бүлөгө келгени келиндей эмес, өз кызыңыздай мамиле жасап, жакшы сөзүңүздү, акыл-насаатыңызды, кеп-кеңешиңизди айтып, дайыма бизге жөлөк болуп келесиз. Мага да балдарыма сиздей акылдуу, мээримдүү кайнене болууну насип этсин. Сиздин келиндериңизге болгон камкор, жылуу, токтоо жана сый мамилеңиз бизди дайыма далыга таптап түздөп, ата-энеге деген урматыбызды арттырат», - деп жазган.

--------------------------------------------------------

Ырчы Айнура Салахидинова Жалал-Абад облусуна келин болгон. Жолдошу жеке ишкерлик менен алек. Ырчы айым социалдык тармактагы билдирүүлөрүнүн биринде Жалал-Абадга барып, кайын энесине, кайын журтуна жолугуп, сырдашканын жазган.

--------------------------------------------------------

Ырчы Асел Кадырбекова Токтогулдун келини. Жолдошу — ырчы Нурлан Насип. Жылдыз түгөйлөр 1 кызды тарбиялап жатышат.

Ырчы айым өзүнүн апасы, кайын энеси жана кайын атасынын сүрөтүн жарыялап: «Ата-энебиз аман болсун. Кудайым теңдикти сүйөт. Мени өстүргөн ата-энемди кандай жакшы көрсөм, тапкан ата-энемди ошондой жакшы көрүп калдым», - деген билдирүү жазган.

--------------------------------------------------------

Эстрада ырчысы Айдана Дека Ош облусуна келин болду. Жолдошу — ырчы Аваз Акимов. Жылдыз түгөйлөр ушул жылдын 16-январында кыздуу болушту.

Айдана Дека кайын атасын, кайын апасын туулган күнү менен куттуктап: «Апам экөөңүздөрдү абдан жакшы көрөм. Рахмат, ушундай сонун үй-бүлөңүздөргө мени өз кызыңардай кабыл алып, жакшы сөздөрүңүздөрдү аябай келесиздер», - деген ыраазычылык билдирүүсүн калтырган.

--------------------------------------------------------

Эмгек сиңирген артист Самара Каримова Ош облусуна келин болгон. Жолдошу — Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча маданий борборунун башчысы Асан Мансуров. Жубайлар 3 баланы тарбиялап жатышат.

Ырчы айым билдирүүлөрүнүн биринде кайын энеси тууралуу: «Келин болуп келгенден бери сизден көп нерсени үйрөндүм. Өз кызыңыздай балдарыңыздын катарына кошуп алганыңызга ыраазымын. Уулдарым чоңоюп келин алсак, сиздей кайнене болом» - деп жазган.

5c49378f2e5fb471863281 --------------------------------------------------------

Дагы бир эстрада ырчысы Гүланда Токтогулдун келини. Жолдошу — ырчы, эмгек сиңирген артист Айбек Карымов. Жубайлар 2 баланы тарбиялап жатышат.

Ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына өз апасы жана кайын энесинин сүрөтүн жарыялап: «Эки апамдын ортосунда чексиз бактылуумун. Бейиш эненин таман астында, апаларыбыз аман болсун», - деп жазган.

Гүланда

--------------------------------------------------------

Ырчы Айгерим Расул кызы Ош облусуна келин болгон. Жолдошу ички иштер органдарында эмгектенет, учурда жубайлар 2 баланы тарбиялап жатышат.

Ырчы чоң кайын энесинин сүрөтүн жарыялап, бактылуу экенин, кайненесинен үлгү ала турганын айтып, ыраазычылык билдирген.

--------------------------------------------------------

Блоггер Мээрим Төлөпберген Таласка келин болгон. Жолдошу — эстрада ырчысы, эмгек сиңирген артист Мирбек Атабеков. Жубайлар 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат, учурда Мээрим кош бойлуу.

Блогер кайын энеси менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, ал неберелерине абдан жакшы чоң эне экенин жазып, ыраазычылык билдирген.

Мээрим


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком