15:09, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (82 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (24 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Президенттин буйругу менен 4 жетекчи тартиптик жазага тартылат. Алар кимдер?

На русскомНа русском
19:29, Бирдин айынын беши, 2020 1021

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруунун алкагында борбордук жана башка мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2018-жылдын 14-декабрындагы №2 «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимин аткаруудагы жетишсиз иши үчүн эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылат:

- Улугбек Марипов — Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

- Зайырбек Эргешов — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;

- Акылбек Султанов — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;

- Бакытбек Сагынбаев — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком